Menu

Мектеп директорлору Жээнбековдун үгүттөөчү кызматкерлериби?

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда мектеп директорунун талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырган тасмасы тарады. Тасмада мектеп директору делген аял: “Кайсыл участокто болбоңуздар, Өзгөрүшпү же Бабур мектеп болобу, баарыбыз эле президенттик шайлоодо Жээнбеков Сооронбайды деп турабыз. Эмне үчүн? Өзүңүздөр билесиздер, ушуга чейинки жүргүзгөн иштери, мамлекеттин, бийликтин жүргүзгөн иштери, бул ошо КСДП партиясынан чыгып жатат – партиянын жүргүзгөн саясаты туура болду деп эсептейбиз. Уруш-талаш болгон жок, улуттар аралык кагылышуу токтоду. Башка мамлекеттерден карыз алуу деген токтоду. Башкалар болбосо дагы, балдары мектепте окуп жаткан сиздердей ата-энелер мамлекет сунуштаган партиядагы адамды шайлоого чакырып кетем”, – деген үгүт сөзүн айткан. Бул иш-чара болжол менен Ош облусунун аймагында болушу мүмкүн. Мындан мурдараак дагы бир мектеп директорунун ата-энелер чогулушун уюштуруп, ага Жээнбековдун ишенимдүү адамдарын катыштырып, үгүт жүргүздүргөнү тууралуу да тасма жарыяланган болчу.

Мурдараак президент Атамбаев: “Административдик ресурска караганда каржылык ресурс коркунучтуураак, анткени мектеп директорлору канчалык үгүттөбөсүн, добуш берүү кабинасына кошо кире албайт да”, – деп айткан. Үгүт өнөктүгү башталгандан бери административдик ресурстун кызуу иштеп жатышы, бийликтин бюджеттик кызматкерлерге басым жасап, Сооронбай Жээнбековго астыртан колдоо көрөсөтүп жатышы боюнча ондогон фактылар элге жарыяланып, коомдо кызуу талкууларга алынганы менен тиешелүү мамлекеттик органдар жана БШК тарабынан эч кандай чаралар көрүлбөй келет.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: