Menu

БУУ: Аннексиялангандан кийин Крымда адам укуктарынын абалы начарлады

Бөлүшүү:

Крым Орусия тарабынан аннексиялангандан кийин жарым аралдагы адам укуктарынын абалы кескин начарлап кетти. Бул тууралуу БУУнун жаңы баяндамасында айтылат.

Анда адам укуктарынын олуттуу бузулушу катары негизсиз камоолор, кыйноолордун көбөйүшү, адам уурдоо, соттун чечими жок жазага тартуу фактылары көрсөтүлгөн.

Эксперттер Орусия бийлигинин аракеттеринен баарынан да крымдык татарлар көп жабыр тарткандыгын белгилешүүдө.

Баяндамада аннексияланган Крымдын он миңдеген жашоочусуна Орусия жарандыгы таңуулангандыгы белгиленген. Маалыматка караганда, орус жарандыгынан баш тарткандар түрдүү кыйынчылыктарга туш болушкан. Алсак, мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан алынарын айтып коркутушкан.

Крымга Орусиянын мыйзамдарынын киргизилиши жарым аралдагы бейөкмөт уюмдар, ММКлар жана диний коомчулуктар үчүн кыйынчылыктарды жараткан. Крымдын аннексиясына каршы болгондордун өз оюн эркин билдирүү, тынчтык жыйындарды өткөрүү жана дин тутуу укуктары бир канча жолу бузулган. БУУ мунун бардыгын Женева конвенциясы баштаган эл аралык нормаларды бузуу деп эсептейт.

Баяндамада бийлик Крымдагы бул адам укуктары бузулган учурларды натыйжалуу иликтей албагандыгы дагы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: