Menu

Чехиянын Кыргызстандагы элчиси Элишка Жигова айым Жалал-Абадка келди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-сентябрда Чехиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова айым атайын иш сапары менен биринчи жолу Жалал-Абадка келди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Достук жана өз ара түшүнүүчүлүк жылуу маанайда өткөн жолугушууга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов, Чехиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ладислав Штайнхюбел жана Чехиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Марат Жаанбаев катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев  Чехиянын элчилигинин өкүлдөрүнө Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык жана маданий тармактары туурасында кеңири маалымат берди.

—  Жалал-Абад облусунда тоо-кен байлыктарынын мол запасы камтылган. Алтындын өзүнөн эле тоо-кен тармагында 500 тонна запасы бар. Айыл чарбасы менен  өнөр жай тармагы жыл санап өнүгүп барууда. Облус аймагында иштеп жаткан 6 ГЭС Кыргызстанда иштелип чыгылган жалпы электр энергиясынын 90 пайызын берет. Республикадагы экспорттун 40 пайызын Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу заводдун продукциясы түзөт. Туризм тармагын өнүктүрүүдө Сары-Челек менен Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” мамлекеттик коругунун, жаңгак токойлуу Арстанбап менен Кара-Алманын жана Жалал-Абад санаториясынын мүмкүнчүлүктөрү кенен,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

—  Жалал-Абад санаториясынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 10 инвестициялык долбоорлор иштелип чыгылган. Атап айтканда, санаторияга кетүүчү канаттык асма жол куруу, санаториянын аймагына заманбап эс алуучу сейил багын куруу сыяктуу долбоорлор иштелип чыгылган,- деди Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов.

— Кыргызстанда элчи болуп  иштеп жатканыма 3 жылдын жүзү болду.  Буга чейин Бишкекте 2 жолу Чехиянын экономикалык бизнес форумун, 1 жолу Кыргызстандын Прагадагы бизнес форумун ийгиликтүү өткөрүүгө жетиштик. Эмки биздин максат Кыргызстандын региондоруна көңүл буруу болуп саналат. Чехияда дүйнөгө белгилүү болгон 33 курорттук жайлары бар. Туризм тармагын өнүктүрүүдө биргеликте кызматташып иш алып барууга дайыма даярбыз. 2018-жылы Жалал-Абадда элибиздин маданиятын жана киносун даңазалаган Чехиянын күндөрүн өткөрүүнү максат кылып жатабыз,- деди Чехиянын Кыргызстандагы  толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова айым.

Чехиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Марат Жаанбаев чехиялык ишкерлер Жалал-Абадда аквопарк менен бассейн куруу жана Жалал-Абаддын бренди болуп калган жаңгактарын сатып алууга абдан кызыктар болуп жатышкандыгын билдирип кетти.

Жолугушууда мындан ары эки тарап бирдей достук карым-катнаш менен алаканы жакшыртуу,  экономикалык ишкердик багытында жана  маданий кызматташтыкты бекемдеп, туризм тармагында  эки тарапка бирдей пайдалуу болгон кызматташуу жаатында тыгыз иш алып барууга кызыктар экендиктерин жашырышкан жок.

     Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: