Menu

Жалал-Абад облусунун аймагында жарандар өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарын тапшырууда

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз ок атуучу куралдарды тапшыруу боюнча айыл жергесинде жергиликтүү аймактык милиция өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Натыйжада, Майлуу-Суу шаарынан , Ноокен, Базар-Коргон жана Тогуз-Торо райондорунун айыл тургундары өзүнүн чон-аталарынан калган 20-калибрдеги, “Карабин” үлгүсүндөгү, ИЖ-27 үлгүсүндөгү, 32-калибрдеги жана ИЖ-17 үлгүсүндөгү, 1959-жылы чыгарылган 4 сайсыз ок атуучу куралдарын жергиликтүү тургундар өз ыктыяры менен тапшырышкан.

Бул фактылар боюнча учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: