Menu

Жалал-Абадда “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруунун жана камкордук көрүүнүн”  бир айлык акциясы башталды

Бөлүшүү:

1-октябрь – “Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө” карата Жалал-Абад облусунда 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруунун жана камкордук көрүүнүн”  бир айлык акциясы жарыяланды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин 2017-жылдын 27-сентябрындагы №280-б буйругуна ылайык өзүнүн резервдик фондунан Сузак районундагы Октябрь айылындагы карылар үйүнө 25 миң сом, Токтогул районундагы Токтогул шаарчасындагы карылар үйүнө 10 миң сом, облустун аймагында жашаган жана 100 жаштан ашкан 67 карыялар менен энелерге 33 500 сом которуу жолу менен төлөнүп берилди.

Жалал-Абад облусундагы 55 мекеме-уюмдардын жетекчилерине  1-октябрь – “Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө” карата “Улгайган курактагы  адамдарга көңүл буруунун жана камкордук көрүүнүн” бир айлык акциясынын алкагында кадырман карыларга камкордук көрүү тапшырмасы берилди. 2016-жылы облус боюнча 13 957  улгайган курактагы кадырман аталар менен энелерге 10 млн. 399666 миң сомдук акчалай, тамак-аш жана кийим-кечелер түрүндө жардамдар көрсөтүлгөн,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдулла Камбаров.

1-октябрь – “Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө” карата “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруунун жана камкордук көрүүнүн” бир айлык акциясындагы иш-чаралар облустун бардык райондору менен шаарларында жана  айыл аймактарында өткөрүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: