Menu

Өкмөт жарандардын психикалык ден-соолугун коргоо үчүн жаңы Мамлекеттик программа кабыл алат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасында 2017-2030-жылдарга калктын психикалык ден-соолугун коргоо жана аны ишке ашыруу багытындагы иш чаралардын Планын колдоого алды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты билдирет.

Бүгүн, 27-сентябрда, Сапар Исаков вице-премьер-министра Чолпон Султанбекова, Саламаттыкты сактоо  министри Талантбек Батыралиев жана жарандык оомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өткөрүп, мамлекеттик программаны бекиткен токтомдун долбоорун талкуулап, ага кол коюудагы документ  иштерин тездетүүнү тапшырды.

«Кыргыз Республикасына психикалык ден-соолукту коргоо боюнча жаңы программа керек. Маселени жаңы көз караш менен карап, аны чечүүгө убакыт келди.  Биз онкоголигия, жугуштуу оорулар жана кургак учук маселесине өзгөчө көңүл бурдук. Бул жакта өзгөрүүлөр байкалууда. Саламаттыкты сактоо тармагында эң артта калган психикалык ден-соолук багытана өзгөчө көңүл бурулуп, узак мөөнөттүү программаны ишке ашырууга ар тараптан колдоо көрсөтүлөт», – деди Сапар Исаков.

Оорунун негизги себептери катары ал социалдык-экономикалык фактор болгон миграция, жашоонун узактыгы, калктын картаюусу, өз өмүрүнө кол салуу, адамдын психикасына доо келтире турган активдүү каражаттарды колдонуу, балдардын жана өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана башка көйгөйлөрдү атады.

«Биз башка мамлекеттер сыяктуу эле биздин жарандарыбыз психикалык жактан жабыркабай тургандай шарттарды түзүп, аларды ишке ашырууга комплекстүү чараларды көрүшүбүз зарыл. Бул үчүн саламаттыкты сактоо тармагындагы гана эмес, экономика, билим берүү, эне жана  баланы коргоо, коопсуздук системасына оңдоо киргизишибиз керек. Адамдын психикалык ден-соолугу организмдеги башка жугуштуу эмес ооруларга таасирин тийгизе тургандыгы аныкталган», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр Өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам»  программасы өзүнө  превентивдик медицина тармагын камтый турганын, ал эми «Таза Коом» программасы телемедицина жана дартты аныктоо боюнча аралыктан текшерүүдөн өтүү, дарыгердин кеңешин алуу сыяктуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууну көздөй турганын билдирди.

«Биздин өлкө алгачкы жолу мамлекеттик деңгээлде психикалык ден-соолукка көңүл буруп, бул багыттагы илдеттердин алдын алуу, аны дарылоодо жеткиликтүү медициналык колдоо көрсөтүү, калк арасында стресске кабылгандарга андан арылуу жолдорун көрсөтүү сыяктуу пландарды ишке ашырып, дени сак коомдун түптөлүшүнө шарт түзүүдө», – деди Өкмөт башчы.

«Психическое здоровье и общество» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Бурул Мукамбетова, Өкмөттүк эмес уюмдун жетекчиси Назгүл Ташбаева, көз карандысыз серепчи Айбек Мукамбетов, «Сорос – Кыргызстан» Фондунун «Общественное здравоохранение» уюмунун директору аталган программа боюнча биргеликте иш алып баргандыгы үчүн КР Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. алар ошондой эле аталган программа  үч облуста пилоттук аймак катары башталганын билдирди. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын ишке ашып, Республикалык психикалык ооруканада иш баштаганын билдирди.

«Мамлекеттик программанын долбоору ачык жана адилеттүү даярдалып, ага коомчулуктун кеңири чөйрөсү, анын ичинде академиктер, жергиликтүү калк, жергиликтүү  өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкулдөрү катышышты. Программаны кабыл алуу менен жарандык коом жана мамлекет биргеликте элдин психикалык ден-соолугун коргоо боюнча алгылыктуу иштерди алып барабыз», – деди Бурул Макенбаева.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын калкынын мамлекеттик психикалык ден-соолукту коргоо программасынын 2017-2030 (мындан ары – программасы) жылдарына коюлган  максаты психикалык абалды чыңдоо, психикалык жактан жабыркоону алдын алуу, жеткиликтүү медициналык жардам менен камсыздоо жана боорукердик түзүмдөрдү көрсөтүү, жергиликтүү деңгээлде психикалык абалдарга комплекстүү кызмат көрсөтүү, айыктырууну тездетүү, адамдардын укуктарын коргоо жана өлүмдүн санын, оорунун санын көбөйүшүн жана психика жагынан жапа чеккендердин санын төмөндөтүү.

Программанын негизги принциптери:

– медицина-санитардык жана социалдык кызматтарды жалпы алуу;

– адам укуктарын  сактоо;

– далилдерге  таянуу  практикасы

– адамдын жашоо циклинин бардык этаптарындагы  медицина –санитардык талаптарына болгон  мамиле;

– Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоодогу көп сектордук мамиле;

-адилетсиздикти жана теңсиздикти жоюу;

-мүмкүнчүлүгү чектелген  жана психикалык жактан жабыркагандардын мүмкүнчүлүктөрүн жана укугун камсыз кылуу.

Программанын негизги приоритеттик багыттары:

– Эффективдүү лидерлик жана псхикалык ден соолукту коргоо жаатындагы башкаруу механизмдерин жакшыртуу;

– Жергиликтүү деңгээлде илимий негизделген мамиле кылууну эске алып сапаттуу, комплекстүү, интеграцияланган жана адекваттуу жооп кайтаруу медико-санитардык жана социалдык жардам көрсөтүү;

– Психикалык ден соолугун чыңдоо жана психикалык ден соолук жаатын профилактикалоо;

– Психикалык ден соолук жаатындагы изилдөөлөрдү жана информациялык системаны чыңдоо.

Программаны ишке ашыруунун этаптары:

Биринчи этап (2017-2021 жылдар). Бул этапта Кыргыз Республикасындагы психикалык саламаттыкты сактоо түзүмүнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлөт.

Экинчи этап (2022-2026 жылдар).  Биринчи этаптын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо чөйрөсүнө багытталган кызматтарды жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, аракеттерди, механизмдерди, инновациялык моделдерди киргизүү пландалган.

Үчүнчү этап (2027-2030 жылдар) Психикалык саламаттыкты сактоо боюнча комплекстүү жана ар тараптуу кызматтарды көрсөтүү системасын түзүү боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруу каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: