Эсиңерде болсо, буга чейин да Чубак Жалиловго күч-органдары тарабынан эчен ирет эскертүү берилип келген. Анын радикалдык мүнөздөгү диний чакырыктары маал-маалы менен чектен чыгып кетишине не дейбиз? Бирок, Чубак ажы тартипке келбей койду. Мына жакында эле Камчыбек Ташиевди Жалал-Абадга ээрчип барганы, а жерден айдан-ачык маанайда үгүт иштерин жүргүзгөнү, бийлик талапкерин жактаганы бүтүндөй коомчулукка тарады. Негизи чоң молдолор диний мүнөздө үгүт жүргүзүү менен саясатка аралашуусуна тыюу салынган эле. А бизде баары тескерисинче. Алыс барбай эле Борбор Азия өлкөлөрүн мисалга алалычы? Салыштырмалуу түрдө карасак, бүгүнкү бийлик Чубай ажыны ашкере тайраңдатып атканына ынанабыз! Качанкыга чейин адашабыз?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ