Ушул жылдын 17-сентябрь күнү Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалышып, белгисиз аялдын жансыз денесин табышканын кабарлашкан. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келишип, Кант шаарында жайгашкан кароосуз калган мекеменин жанында киши колдуу болуп өлгөн аялдын жансыз денесин табышкан. Аялдын жансыз денесине кароо жүргүзүү учурунда кылмыштын изин жашыруу максатында өрттөөгө аракет кылган белгилер аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда өлгөн аялдын өздүгү такталып, ал 39 жаштагы К.В. аттуу жергиликтүү тургун болуп чыккан. Туугандарынын айтымында ал психикалык жактан жабыркап, тентип калган.
Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү 33 жаштагы Ысык-Ата районунун жашоочусу кармалып, кылган күнөөсүн мойнуна алган. Окуя болгон күнү экөө спирт ичимдигин ичишкен жана ортодон чыккан чырдан кийин Б.И. аттуу жабырлануучуну ур-токмокко алып, муунтүп өлтүргөн. Андан соң, кылмыштын изин жашыруу максатында өрттөөнү чечкен. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ