Ош шаарында эмчектеги баласы менен жатакананын 4-кабатынан секирген аял убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 10-октябрында 40 жаштагы жергиликтүү тургунга баланын өмүрүнө кол салуу деген айып тагылган. Ал ооруканадан чыккандан кийин соттун чечими менен Жалал-Абад облусундагы аялдар үчүн убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.
Ал эми наристе азыркы учурда балдар үйүндө.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында Ош шаарынын жатаканаларынын биринин 4-кабатынан 40 жаштагы аял эмчектеги баласы менен секирип түшкөн. Ал бул кадамга чогуу жашаган жолдошу менен урушуп кеткенинен улам баргандыгын айткан. Аял ошол маалда алкоголдук мас абалында болгон.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ