Президенттикке талапкер болгондордун ичинен тандем түзгөндөрүнө көз чаптырсак. Сооронбай Жээнбековду колдойм деген Ташиев президенттикке талапкерлигин БШКдан алып салып сөзүнө турду. Ал эми Өмүрбек Бабановду колдойм деген Бакыт Төрөбаевдин амбициясы аттын башындай экени көрүнүп калды. Ал Бабанов менен тандем түзөөрүн түзүп алып, эми БШКдан талапкерлигин албай көгөрүп отурат. Угушубузга караганда, анын максаты өзү президенттикке ат салышып, Бабанов талапкерлигин алышы керек экен. Тандем түзүү процессинде жаманбы-жакшыбы Ташиев жигиттик кылды. Бизге мына ушундай адамдар президент болгондо кыргыздын багы ачылмак. Ташиевдин талпагын ташка жая жамандаганыбыз менен ал элдин тынчтыгын ойлогон чыныгы эр азамат болуп жатпайбы.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ