Menu

«Тигинин көңүлүн кыялбай, мунун көңүлүн кыялбай, тууп койдум уялбай» деген ушул экен да чиркин өмүр…

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык патрулдук милициянын башчысы Талантбек Барпиев өтө эле “наглый” киши экен эй. Ал керек болсо министриңди да тоготпойт экен. Өткөндө жол эрежесин бузуп, МАИ кызматкерлерине баш ийбей тапанча такап коркутуп качып кеткен кылмышкерлер туурасында жазганбыз. Анан Барпиев тигил кызматкерлерге «силер эмнеге кылмышкерлерди качырасыңар» – деп (анын ою боюнча өлүш керек окшойт да) кызматтарынан алган. Анан ИИМ министри Улан Исраилов Барпиевдин бул кылганын туура эмес көрүп, кызматтан алынган эки МАИ кызматкерин кайрадан ишке алуусун буйрук кылыптыр. Барпиев болсо башын тырмап отурат дейт эмне кылаарын билбей. Көрсө, тигил эки жигитти кызматтан алаары менен ордуна башка эки жигитти жумушка алып жибериптир. Ошентип учурда Барпиевдин башаламан саясаты элдин баарысынын башын оорутуп жаткан кези. ИИМ министри Исраилов «бул жигит жаман башты оорутту, иштен алгыла» десе, ИИМдин коопсуздук кызматынын башчысы Искандарбек Көчөрбаев (каймана аты Скандалбек) чый-пыйы чыгып коргоп жатып алып калган экен. Мына ушундай ичтен чыккан ийри жыландар ИИМди иритип жаткан кези. Министр Улан Исраилов өтө эле ак көңүл неме окшойт да элдин айтуусуна караганда. Искандарды кыялбай Барпиевге тие албай койгон экен кайран жигит. «Тигинин көңүлүн кыялбай, мунун көңүлүн кыялбай, тууп койдум уялбай» деген ушул экен да чиркин өмүр…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: