Menu

Айчүрөк Сулайманова эл аралык абройлуу сыйлыкка көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Калктын 90%ы иштебеген азыркы заманда өзгөчө өмүрү бир жерде иштебеген, көп балалуу үй-бүлөлөр өлбөстүн күнүн көрүп эле жашап жатышат. Андай үй-бүлөлөрдүн чоң балдары базардан картон, кагаз, желим баштык чогултуп нан, чайга акча табышат.  Мына ошолордун бири, майып энесин жана бир тууган инисин багуу үчүн базарда баштык жана картон кагазынын калдыктарын чогултуп иштеген Айчүрөк Сулайманова The International Children’s Peace Prize аттуу эл аралык абройлуу сыйлыкка көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги “Centre for the Protection of Children” балдарды коргоо борбору билдирди. Бул сыйлык балдардын укуктарын коргоого активдүү катышкан жана жаш жеткинчектерди юридикалык жактан агартууда албан ийгиликтерди жараткан өспүрүмдөргө KidsRights эл аралык уюму тарабынан жыл сайын берилип келет. Айчүрөк Бишкектеги балдарды коргоо борборуна 2013-жылдан бери каттап, ал жерде өзү теңдүү балдарга оор турмуштан кантип чыгуу керектиги боюнча окууларды алып барып келет. Соңку бир жыл ичинде эле ал 400дөн ашуун балага тренинг өткөн. Айчүрөк Сулайманова баспай калган майып энеси, 10 жаштагы иниси менен Ош базарына жакын жердеги жатакананын бир бөлмөсүндө айына 6 миң сом төлөп турушат. Негедир өзүбүздүн бийлик бул үй-бүлөгө көңүл буруп да койгон жок. Сыягы, шайлоо, саясаттан колу бошобой атат окшойт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: