Menu

Бабановдун Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзүнүн чындыгы

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Он-Адыр жергесинде сүйлөгөн сөзү боюнча тарап кеткен чагымчыл видеотасма туурасында ошол учурдун күбөлөрүнүн  маалыматы социалдык тармактарда тарады. Анда  Бабановдун Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзүнүн чындыгы мындайча түшүндүрүлөт:

Жолугушууга келген элдин арасында бир кыз төмөнкүчө суроо берген:

– Бизге административдик ресурс катуу колдонулуп жатат. Бул жакка сиз менен жолугушууга дагы эптеп коркуп келдик. Бийликтин жана бандиттик кысым күчөдү. Азыр дагы бул жакта бизди видеого тартып, коркутуп жатышат. Ушуга кандай жардам бере аласыз?, – деп кайрылган.

Өмүрбек Бабанов ал кыздын суроосуна мындай жооп берген:

– Бийликтин кысымы, коркутуусу жана административдик ресурсунан коркпоңуздар. Чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы!

Бийликтин кысымына кабылган өзбекпи, кыргыз же оруспу баарына ушундай жооп бермек. Анын эч кандай жаман жери жок. Бабанов өзбектерди кыргызга каршы үгүттөп, согушкула деген жок. Ал, адилетсиз бийликтин кадамынан коркпогула деди. Мыйзамдуулук алдында баары бирдей тең укукта жана басынтууга кабылбашы керек экенин айтты. Ошол жердеги видеону кесип алып, “өзбектерди согушка үндөп жатат” деген ал бузукулук. Бузукулар өздөрү элди жикке бөлүп жатат. Шайлоо бүтөт, элдин, мамлекеттин тынчтыгы маанилүү. Шайлоодо ар кандай кара пиарларды жүргүзүп жатып, тынчтыкты бузуп алып жүрбөйлү. Бабановдун жолугушуусундагы сүйлөгөн сөзүн толугу менен угуп көрүңүздөр, эч кандай чакырык жасаган далилдер жок. Шайлоонун жүрүшү ушундай тура, бир бирин каралоо, ушак таратуу. Бирок адамгерчилик деген сапаттан айрылбашыбыз керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: