Menu

Канышай Мамыркулова, журналист: “Өмүрбек Бабанов өзбек улутунун өкүлдөрүнө барып, “урматтуу кыргыз элим” дейт беле? “

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы уюштурулган чагымга карата журналист Канышай Мамыркулова да өз пикирин билдирди:

“Ала кушту атынан эле чакырат”..

Кыргызстан-кыргыздардын Ата Журту. Ошол эле учурда көп улуттуу өлкө. Өмүрбек Бабанов өзбек улутунун өкүлдөрүнө барып, “урматтуу кыргыз элим” дейт беле? Ага эмне анча тырыштык? Улутун белгилеп койгон экен көп болсо. Анткени, Кыргызстанда кыргыздар жана кыргызстандыктар жашайт.

Өткөндө Идирис ырчыга кошунанын президенти үй, машине бергенде кандай кош колдоп алакан чаптык. Өмүрбек Бабанов ошолорду бөлбөй-жарбай барган экен. Ага эмне ызылдадык? Биздин өлкөнүн жарандары.

Акыркы мезгилде такыр эле чая болуп кеттик. Тасманы толук кандуу көргөн адам Өмүрбек Бабановдун таптакыр башка суроого жооп бергенине күбө болот. Тиги бечара аксакал араң тургандардын колуна ойноп кетиптир. Арыдан-бери эле болсок. Жаман көргөндөр жармасын бербесе койсун. Биз мындай, “жарма улутчулдук” менен алдыга жылып кетишибиз кыйын. Башка талапкерлердин жактоочулары сүйүнбөй деле койсо болот. Алакан чаба турган деле окуя эмес экен…

Канышай Мамыркулова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: