Menu

Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылынын Кайрылуусу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевке, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешишин Төрагасы Ч.А.Турсунбековко, Боршайкомдун Төрайымы Н.Шаилдабековага, КР Башкы Прокурору И.Жолдубаевага, КР Өкмөтүнүн Премьер-министри С.Исаковко, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө

Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Сизге кайрылуу менен биз учурдагы кызмат абалына карата 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган шайлоону акыйкат жана ачык өткөрүүгө түздөн түз милдеттүү, ошону менен бирге өлкөнүн келечеги үчүн жоопкер мамлекеттик кызматкерлерге да кайрылып жатабыз. Шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде, жергиликтүү тургундарга жана бюджеттик мекемелерде иштеген адамдарга административдик кысым көрсөтүлбөй, “ыплас технологиялар” жана добуштарды сатып алуу жок өткөрөлү, акыйкаттык жана ачыктык болсун деген чакырыктар, анын ичинде Сиздин дагы тикелей тапшырмалар курулай эле сөз болуп калып жатканын өткөн 20 күн ачык көрсөттү. Бийлик тараптан көрсөтүлүп колдоого алынып жаткан талапкерге атаандаш болгон башка талапкерлерге карата мамлекеттик канал болуп саналган КТРК жана ЭлТРден ушак менен жалаага гана негизделген көрсөтүүлөр болуп жатканы адамкерчиликке дагы, укуктук жана өнүккөн коомдогу саясий маданиятка да жатпаган көрүнүш. Ал эми Өкмөттүн шайлоо боюнча штабынын жетекчиси Т.Жумакадыров бул маселе боюнча ыкчам териштирүү өткөрүп, чара көрүүнүн ордуна теле каналдар коомдук болуп эсептелет, биз аларга тиги же бул талапкерди каралагыла деп тапшырма берген жокпуз деп Жогорку Кеңештин трибунасынан айтып жатат. Бул болсо жоопкерчиликтен качуу дегендик.

КТРК каналы боюнча ушак менен жалаанын таркатылышына Боршайком дагы ушундай эле позиция карманып турганы да түшүнүксүз. Боршайкомдун кай бир мүчөлөрү тарабынан бул маселе көрүрүлгөндө дагы талкуу кеңири болбой, эч кандай чечим же тыянак чыгарыла элек.

Түзүлгөн кырдаалда КТРКнын башкы директору И.Карыпбеков токтоосуз кызматынан четтетилгени максатка ылайык болот, жок дегенде шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча териштирүүлөр аягына чыкканча анын бул кызматта отурушу болбойт. Анткени өзүнүн калпыс, терең ойлонулбай жасаган деструктивдүү кадамдары менен шайлоо мыйзамдарын гана бузбастан, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө шек кетиририп, элди бөлүп-жарып, башаламандыкка жол чаап жатат, ошону менен бирге эл ичинде эки жүздүүлүктү бышыктап, шайлоонун акыйкат өтүүсүнө ишенбөөчүлүк жаратып, мамлекет башчысынын сөзүн төгүнгө чыгарып жатат.

Өкмөттүн эң жогорку кызмат адамдарынын бири болгон Д.Зилалиевдин шайлоо өнөктүгүнө тикелей кийлигиши, диний адамдардын кай бир талапкерлердин үгүт иштерине катышуусу боюнча Башкы прокуратуранын үн катпай отурганы таңкалтырат. Прокуратура органдары Д.Зилалиев боюнча токтоосуз чара көрүп, диний ишмерлерге жазуу түрүндө эскертүү берип, муфтият, казыят жана мечиттерге чейин түшүндүрүү ишерин жүргүзүүгө, ар бир имам-катибке чейин шайлоо иштерине кийлигишүү болбой турганын эскертүү кагаздарын тапшырууга милдеттүү болчу.

Улуттук коопсуздук комитетинин бейаракет турганы да туура иш эмес. Массалык маалымат каражаттарында, социалдык түйүндөрдө кайсы бир талапкердин энеси башка улуттан, ошондуктан аны шайлабагыла деп ачыктан ачык улут аралык араздашууга чакырктар болуп жатканына карабастан эч кандай чара көрүлгөн жок. Улуттар аралык араздашуунун, бул маселедеги чагымчылдыктын баасын биздин эл эң жакшы билет.

Биздин Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылга административдик ресурстун массалык колдонуусун далилдеп турган бир документ келди, ага ылайык мамлекеттик кызматкерлер жана башка таасирлүү инсандар Президенттикке талапкер С.Жээнбековдун штабы тарабынан ар бир регионго, ар бир район же шаарга, айылга бөлүнүп, ал жерлердеги добуш берүүгө жоопкер катары бекитилген. Тизмеде көрүнүп тургандай ким кайсы жерден болсо ошол жерге же дагы кандайдыр бир жагдай боюнча бөлүштүрүлгөн, бул адамдар талапкер С.Жээнбековго көп добуш алып келүүнү камсыз кылууга милдеттүү болушкан.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Сиздин ушул шайлоону акыйкат өткөрүүгө, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө болгон ниетиңизге ишенбей коюуга негиз жок, ошондуктан Сиздин көзөмөл астында айтылган фактылар тыкат текшерилип, мыйзамдын чегинен сырткары чыгып жаткан чиновниктер жазасын алат деп ишенебиз. Тизме менен бекитилип жер-жерлерде шайлоо аракети менен жүргөн мамлекеттик кызматкерлер толугу менен өз кызмат ордуларына кайтарылуусу зарыл. Ошондой эле облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, акимдер, айыл өкмөт кызматкерлери да эскертилип, аларга шайлоо өнөктүгүнө тиги же бул талапкердин пайдасына аракет кылууга кескин тыюу салынышы керек. Чиновниктер тарабынан шайлоо мыйзамынын бузулушу туралуу ар бир факты боюнча катуу чара көрүлүшүн талап кылабыз.

Бизде болуп жаткан окуяларды көбүртүп –жабыртып, кырдаалды курчутуп айтууга эч ниет жок, коомдо кеңири талкуу болуп, элдин бүйүрүн кызытып жаткан орунттуу учурларды көрсөтүп жатабыз.

Сиз өлкөнүн туруктуулугун кандай ойлонсоңуз биз дагы ошондой эле ойлонуп жатабыз, элдин тынчтыгы, бакубат жашоосу баарыбыз үчүн бирдей баалулуктар. Ошондуктан кырсыкты кайдан деп боолголобой, алдын ала чара көрүп, башаламандыкка алып келүүчү, элдин биримдигин бузуучу тенденцияларды токтотуу, шайлоонун жыйынтыгына элдин ишенимин бекитүү биздин жалпы милдеп деп эсептейбиз. Акыйкат жана ачык шайлоонун жыйынтыгы гана элдин ишенимине ээ болуп, өлкөдө туруктуулукту сактоого өбөлгө боло турганы талашсыз.

Сизди урматтоо менен,

​Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылынын мүчөлөрү:

Р.И.Отунбаева, А.Э.Эркебаев, Ф.Ш.Кулов, З.К. Курманов, Р.Б.Джеенбеков, Э.С.Каптагаев, К.А.Дуйшебаев, К.А.Талиева, К.Шаршекеева, Б.Наргозуев, Р. Карасартова, Д.Ошуракунова, Т.Акеров.

 

Приложение №1.  Список государственных и муниципальных служащих, закрепленных  штабом СДПК за конкретными регионами и участвующих в выборном процессе в качестве административного ресурса

 

Должность ФИО Ответственный регион
Заместитель председателя ГТС при Правительстве КР Матраимов Раим Карасуйский район ошской области
Депутат партии СДПК Матраимов Искендер Карасуйский район ошской области
Аким Карасуйского района ошской области Матраимов Тилек Карасуйский район ошской области
Заместитель министра внутренних дел КР Омурзаков Суйун г.Ош
Заместитель министра внутренникх дел Асанов Курсан Карасуйский район ошской области
Министр транспорта и дорог КР Калилов Жамшитбек Узгенский район ошской области
Председатель ГСБЭП при Правителсьве КР Осмонов Замирбек Лейлекский район баткенской области
Полпред правительства по Таласской области Кенекеев Дайыр Таласская область
Полпред правительства по Ошской области Сарыбашов Таалайбек Алайский район ошской области
Полпред правительства по Жалал-Абадской области Сатыбалдиев Кыянбек Жалал-Абадская область
Полпред правительства по Нарынской области Кайыпов Аманбай Нарынская область
Полпред правительства по Баткенской области Халмурзаев Абиш Баткенская область
Полпред правительства по Иссык-Кульской области Жылкыбаев Узарбек Иссык-Кульская область
Полпред правительства по Чуйской области Кудайбергенов Бакыт Чуйская область
Вице-мэр г. Бишкек Айгуль Рыскулова Кочкорский район (Комсомол)
Зам аким нарынского района нарынской области Жумаева Роза Нарынский район
Глава РайОНО нарынского района Белеков Болот Нарынский район
Директор СЭЗ Бишкек Дуйшон Ирсалиев Кочкорский район
Директор ЦСМ Нарынской области Мурат Алиаскаров г. Нарын
Экс-вице-премьер миннистр Мухамметкалый Абылгазиев Кочкорский район (Дон-Алыш айылы)
Директор авиакомпании «Кыргызстан аба жолдору» Бектрурганов Жолдошбек Нарынский район
Экс-глава МВД Мелис Турганбаев Ат-башинский район
Директор Востокэлектро в г. Нарын Алмаз Жумакадыров г. Нарын
Директор обл. больницы Мурат Атбаев г. Нарын
Аудитор Счетной Палаты Медетов Ишенбек Ак-Талинский район
Министр ЕЭК Жунусов Адамкул Ат-Башинский район
Директор фонда “Ассалям” Минбаев Нурмухаммед Ат-Башинский район
Депутат ЖК КР Автандил Кулбараков Жумгальский район
Председатель горкенеша Талас Эсенкулов Мирлан город Талас
Директор департамента по связям с общественностью Национального Олимпийского Комитета КР Суйунтбеков Айбек Таласский район
Вице-президент федерации женской борьбы КР, экс кандидат партии Кыргызстан Кенжебаев Байгазы Таласский район
Глава сельской управы Бекмолдо Таласского района, брат депутата ЖК Молдобековой Гулкан Молдобеков Кубанычбек Таласский район
Председатель Фонда Гос Имущества Казаков Болсунбек Бакай Ата р-н
Зам.министра финансов Байгончоков Мирлан Бакай Ата р-н
Экс министр внутренних дел Рысалиев Зарылбек Бакай Ата р-н
Экс начальник финансово-хозяйственного управление МВД (помощник Рысалиева) Улан Ниязбеков Кара Буура р-н
Начальник управления капитального вложения Министерство финансов КР Нарбеков Бакыт Кара Буура р-н
Депутат партии СДПК Рыскельди Момбеков Кара Буура р-н
Начальник Управления разработки НПА по ветеринарии и фитосанитарии со справочной службой СФС министерства сельского хозяйства и мелиорации КР (экс губернатор) Мураталиев Байымбет Кара Буура р-н
Депутат партии Кыргызстан Дастан Жумабеков Кара Буура р-н
Экс глава Гос службы по контролю наркотиков Алымбай Султанов Манас р-н
Экс-министр сельского хозяйства и мелиорации КР Талайбек Айдаралиев Манас р-н
Зам главы Дирекции по олимпийским видам спорта, спортсмен Кенжеев Жанарбек Манас р-н
Вице-спикер ЖК КР Толонов Данияр Карасуйский район ошской области, село Савай
Депутат партии Кыргызстан Алимбеков Нурбек Карасуйский район ошской области, село Папан
Экс-министр экономики Кожошев Арзыбек Карасуйский район ошской области, село Карасогот
Экс депутат ЖК Жоошбеков Заир Карасуйский район ошской области, село Октябрь
Посол КР в Турции Жунусов Ибрагим Карасуйский район ошской области, село Киров
Председатель Нацстаткома КР Султанов Акылбек Карасуйский район ошской области, село Отуз-адыр
Замминистра МЧС КР Алимбеков Давлетбек Карасуйский район ошской области, село Папан
Зам губернатора Ошской области Юсупов Байыш город Карасуу
Работник соцфонда, депутат местного кенеша Хакимова Садбархон Карасуйский район ошской области, село Нариман
Председатель районного ЦИК Султанов Назар Карасуйский район ошской области, село Савай
Председатель местного кенеша села Нариман Нурматов Равшан Карасуйский район ошской области, село Нариман
Депутат местного кенеша села Нариман Паттахунова Зарифа Карасуйский район ошской области, село Нариман
Депутат местного кенеша села Отуз-адыр Нурбаев Асан Карасуйский район ошской области, село Отуз-адыр
Глава айыльного аймака Шарк Тилекбаев Таалай Карасуйский район ошской области, село Шарк
Начальник Карасуйского водоканала Турдукулов Хаят Начальник штаба Карасуйского района ошской области
Директор детского сада сельского округа Акташ Мамытова Суусар Начальник штаба села Акташ  Карасуйского района ошской области
Директор Ошского городского стадиона Алмаз Сулайманов Начальник штаба села Сарай Карасуйского района ошской области
Глава айыльного аймака Савай Акылбеков Абибилла Карасуйский район ошской области, село Савай
Директор средней школы села Сары-Колот Салкын Кундашева Работник штаба в селе Сары-Колот Карасуйского района ошской области
Директор Ош электро Даминов Дыйканбай Карасуйский район ошской области,село Кызыл-Кыштак
Начальник таможни в аэропорту города Ош Шарафидин Маруфов Карасуйский район ошской области,село Кызыл-Кыштак
Глава айыльного аймака Кызыл-Кыштак Капаров Шарабидин Карасуйский район ошской области,село Кызыл-Кыштак
Директор школы №43 города Ош Сидикова Фируза Карасуйский район ошской области,село Кызыл-Кыштак
КР ЖК «КСДП» фракциясынын депутаты Примов Улан Алайский район ошской области
Депутат фракции Кыргызстан Калмаматов Жыргалбек Алайский район ошской области, села Гулчо и Сар-Таш
Начальник УВД ошской области Боронов Мурат Алайский район ошской области, село Жошолу
Глава налоговой службы Узгенского района Туташев Тургун Алайский район ошской области, село Коӊу-Дөбө
Замдиректора агенства при правительстве архитектуры, строительства и жилищно- коммунального хозяйства

 

Кокочаров Урматбек Алайский район ошской области, село Сопу-Коргон
Директор управления автодороги Ош-Сары-Таш-Иркештам Курманбеков Улукбек Алайский район ошской области, село Сопу-Коргон
КР билим берүү жана илим министринин орун басары Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич

 

Чоӊ-Алай району боюнча
Чо-Алай а/ө мурдагы башчысы Абдылбаев Касым Чоӊ-Алай району боюнча
 2015-ж ЖК депутаттыгына талапкер, мурда КР маданият министрлигинде иштеген Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич Чоӊ-Алай району боюнча
Сулукту Шаарынын Мэри Абдиназаров Рахман Эрматович Сулукту, баткенская область
През. Кенешчиси Илмиянов Икрам Саттарович Лейлек баткенская область
През. Аппарат кызмат Максутов Жаркынбек Бурукулович
През. Аппарат кызмат Досматов Камчыбек Султанмуратович
Баткен УВД начальник Тагаев Ашим Гапарович
КР Окмотунун алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы курошуу Мамлекеттик кызматынын торагасы Осмонов Замирбек Бабакулович
Баткен обл.Губернаторунун 1-орун басары Абдырахманов Алишер Баткен баткенская область
Депутат ЖК Орозова Карамат Бабашевна
Депутат ЖК Мадеминов Мурадыл Ганыевич Кадамжай баткенская область
През. Аппарат 1-орун басары Мадумаров Акрам Камбаралиеви
Депутат ЖК Джураев Сайдолимжан Маруфович
экс депутат ЖК Шарапов Закир Эшматович
Коопсуздук Кенешинин катчысы Раззаков Жениш Парпиевич Кызыл-Кыя баткенская область
КР Окмотунун Баткен обл. боюнча ыйгарым укуктуу окулу Халмурзаев Абиш Алыбаевич
Депутат ЖК Джураев Сайдолимжан Маруфович
депутат ЖК КР Эгембердиев Максат г.Жалал-Абад
Кыргызнефтигаз Бостонов Рашид Сузак, Кара-Дарыя
депутаты ЖК КР Назаров Айтмамат, Икрамов Тазабек Сузак, Кыз-Кол
советник экс премьер министра Бекбоев Тургунали Сузак, Курманбек
аудитор счетной палаты Нурболот Мирзахмедов Сузак, Кок-Жангак
зам. Нач. Ошской таможни Эгембердиев Омурбек Сузак, Кок-арт
депутат ЖК КР Эгембердиев Максат Сузак, Ленин
депутат ЖК КР Исаков Музафар Сузак, Таш-Булак
депутат ЖК КР Массабиров Талай Базар-Коргон
Министр сельского хозяйства Мурашев Нурбек Ноокен, Сакалды, Масы
отдел награды Аппарата Президента КР Кутманов Алтынбек Аксы, г. Кербен
председатель госслужбы миграции КР Айдаралиев Медетбек Аксы по району
судья Первомайского района г. Бишкек Субанкулов Адылбек Аксы, Кара-Суу, Кара-Жыгач а/о
депутат ЖК КР Турсунбаев Азиз Ала-Бука
депутат ЖК КР Пирматов Исхак Ала-Бука
Госстрах компания КР Эгембердиева Жумагул Чаткал
вице президент Нац. Академии наук Токторалиев Биймырза Чаткал
стат-секретарь Министерство образовании Шадыканов Калыс г.Таш-Көмүр
зам. ген. директора электрические станции Аскар Айбалиев г.Кара-Көл
председатель АКС ГКНБ КР Чоткараев Дуйшон г.Кара-Көл
мэр города Еркеев Иляс г.Кара-Көл
Руководитель спецфонда Токтогульского района Чотаев Талай Коенович Токтогул
депутат ЖК КР Артыкбаев Осмон Токтогул
Депутат ЖК Аттокуров Данияр Бексултанович Координатор Джети-Огузского района ыссык-кульской области
Начальник ГРС по г.Бишкек Берикбаев Болот Начальник штаба Джети-Огузского района ыссык-кульской области
Вице Мэр г. Бишкек Дуйшембиев Бакыт Осмонови С. Барскоон ыссык-кульской области
Зам.Фин.Пол. Жакыпбаев Мурат Ак-Терек ыссык-кульской области
Пред. Совет Ветеренов Дубанаев Садырбек с.Джети-Огуз ыссык-кульской области
Депутат ЖК Юсуров Мажит Ырдык аа ыссык-кульской области
Директор районной больницы Сайпиев Сатар Мырза-аки а/о узгенского района
Глава, а/о Султанов Эркин

 

Чымбай а/о узгенского района
Депутат ЖК КР Искендер Матраимов Узгенский район
Депутат ЖК КР Зулушев Курманкул Алтын-Булак а/о узгенского района
Глава, а/о Пасанов Эржигит Кызыл – Октябрь узгенского района
Начальник  милиции Кенешбек Ташбалтаевич Узгенский район
Государственный инспектор регионального подразделения Счетной палаты Кыргызской Республики по городу Ош, по Ошской, Баткенской и Жалал-Абадской областям Туркбаев Адамбек Борубаевич Чымбай а/о узгенского района
МРУ туштук региону боюнча Нурдинов Малик Кара-Кулжа А/о, Биймырза Кара-Кулжинского района
Прокур Кара-Кулжа р. Караев Суйун 1-Май Кара-Кулжинского района
“Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков 1-Май Кара-Кулжинского района
зам.нач. УВД по г.Ош Караев Бакыт Совет Кара-Кулжинского района
нач. соц.фонда Кара-Кулжа Алишов Азамат Мин-Орук Кара-Кулжинского района
нач.энерго сбыт г.Ош Кадырбердиев Данияр Беш-Жар Кара-Кулжинского района
Кара-Кочкор Айыл окмоту Асанов Канибек Кара-Кочкор Кара-Кулжинского района
глав.врач больницы Кара-Кулжа Шалтаков Зикир Таш-Кыя Кара-Кулжинского района
начальник ФИНПОЛ г. Ош Токоев Айбек Кашка-Жол А/о Кара-Кулжинского района
помощник Асилбека Жээнбекова Бекиев Бакыт Кашка-Жол А/о Кара-Кулжинского района
ОшГу факультет Теология Карыяев Самаган Жаны-Талаа Кара-Кулжинского района
зав.травматологии боль-цы г. Ош Абдраев Парпи Калматай Кара-Кулжинского района
ОшГУ директор мед. училище Аттокуров Курсант Жетим- Кара-Кулжинского района Добо,Тушунук
зам.аким Кара-Кулжа району Тутуев Канболот Кенеш, Пор Кара-Кулжинского района
Аппарат КР Исаев Айбек Каманчы Кара-Кулжинского района
нач.таможенного поста “Иркештам” Ажиматов Нышайнбай Каманчы Кара-Кулжинского района
нач.РОВД Кара-Кулжа р. Алтынбек Бапаевич Ылай-Талаа А/о Кара-Кулжинского района
зам. Министр МВД КР Омурзаков Суйун Сай Кара-Кулжинского района
сотрудник прокуратуры г. Ош Омурзаков Улукбек Сай Кара-Кулжинского района
Частный предприниматель(Бизнесмен) Атамбаев Жалил Токбай-Талаа Кара-Кулжинского района
Частный предприниматель(Бизнесмен) Алишов Курсант Токбай-Талаа Кара-Кулжинского района
Токбай-Талаа айыл окмоту Алишов Чолпонкул Токбай-Талаа Кара-Кулжинского района
Кара-Кулжа”Кулун-Ата” коругунун жетекчиси Боронбаев Асан Буйга Кара-Кулжинского района
Аппарат КР Бусурманкулов Эмил Буйга Кара-Кулжинского района
Туштук региону боюнча Камсыздандыруу ишканасынын орун басары Алиязов Канибек Сары-Булак А/о Кара-Кулжинского района
нач.налоговой инспекции Ошской области Чоюнов Эрмек Сары-Булак А/о Кара-Кулжинского района
зам.аким Кара-Кулжа району Мажитов Бекболот Кызыл-Жар А/о, Алайку А/о, Ой-Тал А/о Кара-Кулжинского района
Кызыл-Жар Айыл окмоту Айсаев Бурканбек Кызыл-Жар А/о Кара-Кулжинского района
зав.орг. Г. Ош Курмантаев Нурали Куйоо-Таш Кара-Кулжинского района
вице премьер министр КР Султанбекова Чолпон Кайын-Талаа Кара-Кулжинского района
Ош обл. СОТ Жобонов Койчубек Терек Кара-Кулжинского района
зам.нач. УВД по Ош обл Ибраимов Санжар Кан-Коргон Кара-Кулжинского района
г. Ош архитектура Жутанов Алмаз Кок-Арт Кара-Кулжинского района
Ош областынын губернаторунун орун басары Махамадов А.М Араван району боюнча
аыйл окмоттун башчысы Нурбаев  Ж.П Араван району А Анаров а/о боюнча жооптулар
«Акос» башчысы Кадыров Р.А Араван району А Анаров а/о боюнча жооптулар
айыл окмоттун башчысы Файзуллаев Ш.Х. Араван району С.Юсупова а/о боюнча
спикер айыл кенеш Маннанов Б Араван району С.Юсупова а/о боюнча
аыйл окмоттун башчысы Абдуллаев А.А Араван району Мангыт а/о боюнча
начальник Госрегистр Араван. Раимбердиев К А Араван району Мангыт а/о боюнча
айыл окмоттун башчысы Гулжигитов С.Т Араван району Керме Тоо а/о
торага айыл кенеш Жунус уулу Илясбеке Араван району Керме Тоо а/о
айыл окмот башчысы. Эргашев Р К Араван району Чек Абад а/о
Начальник РОК Араван. Мырзабараомов К Араван району Чек Абад а/о
начальник сельхоз департамент. Мырзабароиов П Араван району Чек Абад а/о
айыл окмоттун башчысы Жаныкулов Х Араван району Тепе Коргон а/о
академик профессор. Мамасаидов М Т Араван району Тепе Коргон а/о
айыл окмоттун башчысы Абдуллаев С.А Араван району Тоо Моюн а/о
торага айыл кенеш Абдисаматов А Араван району Тоо Моюн а/о
экс депутат ЖК. Бакиров О Араван району Тоо Моюн а/о
Зам нач госрегистр Араван. Бакиров А Араван району Тоо Моюн а/о
Ноокат районун экс-акими, штаб башчы Айтиев Бекболот Ноокат району боюнча координатор
Депутат ЖК КР Зулпукаров Төрөбай Кара-Таш, Мирмахмудов, Ноокат шаары, Гулистан а/ө жооптуу
Өкмөттүн экс-аппарат башчысы Осмоналиев Акылбек Ноокат району Исанов а/ө жооптуу
КГУСТАнын проректору Жоолболдуев Памир Ноокат району Көк-Жар а/ө жооптуу
ӨКМ (МЧС) министрдин орун басары Маманов Равшанбек Ноокат району Көк-Жар, Борбаш участкаларына жооптуу
Крим. авторитет Бекмурзаев Абдырахман Ноокат району Көк-Жар, Жийде, Найман, Он-Эки-бел а/ө жооптуу
Райондо акимдин орун басары Козуев Нияз Ноокат району Көк-Жар, Найман а/ө жооптуу
ОшМУнун ректору Исаков Каныбек Ноокат району Жаңы-Ноокат а/ө жооптуу
Эсептөө палатасынын башчысы Марипов Улугбек Ноокат району Кыргыз-Ата а/ө жооптуу
Райндук оорукананын башчысы Марипов Асамидин Ноокат району Кыргыз-Ата а/ө жооптуу
Райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Акуш ака Ноокат району Кыргыз-Ата а/ө жооптуу
УКМКнын кызматкери Эшматов Памир Ноокат району Төөлөс а/ө жооптуу
Райондук соц. фонддун башчысы Баймурзаева Алия Ноокат району Төөлөс а/ө жооптуу
Баткен облусунун губернатору Калмурзаев Абибилла Ноокат району Кулатов, Ынтымак а/ө жооптуу
Салык инспекциясынын кызматкери

(Бывший госкозночей КР)

Зулпуев Сайит Ноокат району Көк-Жар а/ө жооптуу
Бишкек шаарынын прокурору Калмурзаев Бакыт Ноокат району Кулатов, Ынтымак а/ө жооптуу
Райондун акими Маматалиев Давран Ноокат району Зулпуев а/ө жооптуу
Араван цементзаводунун директору Атабаев Данияр Ноокат району Исанов а/ө жооптуу
Тоолос  айыл окмотунун башчысы Эшматов Адылбек Музураимович Ноокат району, Тоолос айыл окмоту
Тоолос  фондунун жетекчиси Турдуев Абдикерим Эргешович Бишкек шаары, Тоолос айылы.
Проректор КГУСТА Жолболдуев Памир Ноокат району Кок-Жар айылы, Бишкек шаары.
Ноокат райондук акиминин орун басары АЙбашев Мамадали Ноокат району. ОнЭки-Бел айылы
Райкенештин торагасы Туманов Нурлан Ноокат р-ну, Кок-Жар айылы
Жеке ишкер Мадмаров Нурлан Ноокат р-ну, Найман айылы
Кок-Жар айыл окмотунун Башчысы Минбаев Сатар Ноокат р-ну, Кок-Жар айылы
Жеке ишкер Дуванаева Гулнара Ноокат р-ну, Кок-Жар а-о, Жийде а
Ноокат соцфондунун торагасынын орун басары Сатыбалдыев Байдоолат Ноокат р-ну, Кок-Жар айылы
Кулатов а-о башчысы Мадимаров Нурдин Ноокат р-ну, Кулатов а-о
Жеке ишкер Анарбаев Маматжан
СНБ Бишкек Эшматов Аким Ноокат р-ну, Тоолос  айылы
Ноокат р-к соцфондунун  башчысы Баймурзаева Алия Ноокат р-ну, Тоолос  айылы
К-Кыя соцфондунун башчысы Мырзалиев Рахматилла Ноокат р-ну

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: