Menu

Украин бийлиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды даярдап жатат

Бөлүшүү:

Украин өкмөтү Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө ниеттенип жатат. Министрлер кабинетинде кабыл алынган тиешелүү чечим өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешине жөнөтүлдү.

Маалыматка караганда, кезектеги санкциялар Краснодар — Крым газ түтүгүн курууга жана мыйзамсыз көмүрсуутек өндүрүүгө катышып жаткан бир катар юридикалык жактарга тиешелүү болот.

Жалпысынан санкциялык тизмеге Орусияда катталган 24 компания киргизилет. Алардын алтоосу аннексияланган Крым жарым аралында жайгашкан. Мындан тышкары Кытайда, Түркияда, Босния жана Герцеговинада катталган бир катар ишканаларга дагы санкция киргизүү каралган. Булардын баарынын магистралдык газ куурунун курулушуна тиешеси бар. Өкмөттүн чечиминде чектөөлөр киргизиле турган юридикалык жактардын толук тизмеси көрсөтүлгөн эмес.

​Буга чейин Украина орусиялык товарлардын импортуна киргизилген чектөөлөрдү 2020-жылдын аягына чейин узарткан.

18-апрелде орус өкмөтү Украинага карата бир нече жаңы чектөөлөрдү киргизип, бул өлкөгө мунай жеткирүүгө тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: