Menu

Чөөгө кой кайтартып… ИИМ реформасы: Муштуму зор майор «Тайсон» ким?

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда ИИМге Ош шаарынан келип түшкөн оперативдүү маалыматтардын акыркы пунктунда Түштүк борбордун 3-милиция бөлүмчөсүндө ойдо жок жосунсуз кылмыш тууралуу кабарланган: 25-август күнү эртең мененки саат 8.25 ченде бөлүмчөнүн начальниги, майор Кабылов Жеңиш нөөмөтчү капитан Бахадыр Тешебаевге арт жагынан күтүүсүздөн кол салып, каракушка уруп, эсин оодара чапкан.

Бул окуяга күбө болгон бөлүмчөнүн офицерлери жана сержанттары эстен танган офицерге жардам көрсөтүшүп, бетине муздак суу чачышып, “тез жардамга” кабар беришкен. Капитан облустук ооруканага жеткирилип, алгачкы жардам көрсөтүлгөн жана анын каракуш мээси жабыркагандыгы аныкталган. Натыйжада Бахадыр Тешебаев ооруканада 10 күн жатып, үйүнө чыгарылган.

Көргөн запкысы боюнча капитан Тешебаев Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылгандыктан, окуя болгон күнү эле дүрбөлөң башталып, айласы кеткен чоң муштум майор Кабылов арага ортомчуларды салып, Араван РИИБүнүн начальнигинин орун басары аркылуу: “эч ким көргөн эмес, мен урган эмесмин, эч кандай күбө жок, колунан келсе далилдеп берсин, эртеңки күнүн ойлосо тосмо арыз жазып берсин…” деп догурунган.

3-милиция бөлүмчөсүнүн бир катар кызматкерлеринин айтуусуна караганда катуу кол Кабылов кимдир бирөөлөргө таянып тайраңдаган, богооз, орой, маданиятсыз, жетекчи катары маселени акыл менен эмес күч менен чечүүнү адат кылган эргулдардан экен.

Майор Кабылов болсо: “Тешебаевди мен урган эмесмин, эртең менен кемчилигин сылык-сыпаа бетине айтып коюп, иш бөлмөмө кирип кеткем” дейт, элдин баарын күлдүрүп.

Майордун айткандарына ишенсек — ​капитан Тешебаевдин башына Кабыловдун муштуму эмес эле көктөн чыгылган келип тийгендей.

Капитан Тешебаев: “Кабылов ата-энеме асылып сөгүнүп, кемсинтип, күтүүсүздөн башыма чаап жибергенде, эс-учумдан танып, кулап түшкөн экем” дейт.

Жогорудагы окуя боюнча оорукананын койкасында жатып редакцияга телефон чалган Бахадыр Тешебаевден: “калп айтып жүрбө, кийин куугунтук, кысым башталганда айткандарыңдан танып кетпейсиңби?” деп сураганыбызда, ал: “Кабылов көптөн бери мени кемсинтип, такай сөгүп, иштен кетирем деп, куугунтукка алып келет. Атам тирилип келсе да, аны кечирбейм, айткандарымдан танбайм” деп карганганын тана албастыр.

Каракушка “чагылган” тийип, араң өлүмдөн калган Бахадыр арадан 6 күн өтпөй, ооруканада оор абалда онтоп жатып онтоп жатып, кабар алып, ал-акыбал сурап койбогон майор Кабыловго жалдырагансып, тосмо арыз жазып берүүгө мажбур болгон. Бул тууралуу капитан Тешебаев: “мен иштешим керек…” деп, өзү бизге телефон аркылуу билдирип отурат.

Эмне, капитанды иштетпей койгудай, милициянын 3-бөлүмчөсү майор Кабыловдун чоң энесинин менчик базары бекен?..

25-августта эртең менен өзү көпчүлүктүн көзүнчө болгон 3-милиция бөлүмчөсүндөгү ырайымсыз зомбулукка жол койгон, өзүн келечекте бери эле дегенде генерал элестеткен майор Кабылов учурда күбөлөрдү, кудай сактап, доктурлардын ыкчам жардамы менен өлүмдөн калган жабырлануучу капитан Тешебаевди коркутуп, жазадан кутулуп кетүүгө жандалбастоодо.

— Жеңиштин Ак үйдө адамы бар, ошондуктан улуу-кичүүнү көзгө илбей кутуруп келүүдө, — ​дейт атын ачыкка чыгарбоону өтүнгөн бөлүмчөнүн офицерлеринин бири.

Кызык, 7-кабатта таянган тоосу болсо эле, ыйман менен мыйзамды тебелеп-тепсеген майор Кабылов доңуз болуп кетиш керекпи?!

Капитан Тешебаев да кызык. Начальнигинин катуу соккусунан кийин акыл-эси азый түшкөндөй. Антпесе түнкүсүн майор Кабыловдун муштуму түшүнө кирип, жүрөгү козголуп калган, каракуш мээсинен катуу жабыркаган капитан Тешебаев майор Кабыловго: “кечирип коюңуз, улуу урматтуу кожоюн, менин каракуш мээм кокусунан сиздин муштумуңузга тийип кетиптир” дегенсип, тосмо арыз жазып бергендигин кантип түшүнүүгө болот?! Кабылов кызмат учурунда, эл көзүнчө формачан милициянын капитанын аңтара чаап жатпайбы!.. Бул жерде токмок жегендин тосмо арызы моралдык гана мааниге ээ болбосо, эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес.

ИИМдин жетекчилигине айтаарыбыз — ​чындыкты айтууга духу жетпеген, эл укугун эмес, өз укугун коргой албаган капитан Тешебаевге тереңдетилген врачтык-психиатриялык жардам сөзсүз керектиги байкалып турат.

Неге дегенде: өзү ак жана жабырлануучу болуп туруп, аз жерден өлүмдөн калган Тешебаев өзүн айыптуу сезип, тосмо арыз жазганы неси? Зөөкүр майор Кабыловдун муштумунан улам жалтак мүнөз болуп калган Тешебаев мындан ары элдин баласын кантип коргой алсын?! Бери эле дегенде жигиттик ариети кайда калды, шордуунун?!

Эми, майор Кабыловго келели: 7-кабаттагы тирөөчүнө таянып, чоң муштумга айланган жетекчи офицер 6 баланын атасы болгон шордуу капитанды байкатпай артынан кол салып — ​чоюндай муштуму менен эсин оодара чаап жатканда өлүп калса не болот деп ойлоду бекен? Же мындайга майордун акылы жетпейби?! Же адатынча: “өлбөйт, кычуум канса болду” дегениби?!

ИИМдин жетекчилигине дагы бир айтаарыбыз — ​ошол күнкү өзүнүн кылмыштуу аракетинин акыбетине жооп бере албаган же ага аң-сезими жетпеген майор Кабыловго табелдик тапанчаны берүүгө тыюу салып, тез арада убактылуу болсо да өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетип, кечиктирбестен, тереңдетилген врачтык-психиатриялык текшерүүгө кириптер кылуу керек!

ИИМдин жетекчилиги айтылган сунуштарды эске алууга тийиш деп эсептейбиз.

Капитан Тешебаевдин арызы катталган Ош шаардык прокуратурасы, ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы тез арада мыйзам талаптарына ылайык чара көрүүгө тийиш!

Бул кылмыш боюнча коомчулук ИИМдин жетекчилигинен жооп күтөт.

Номанжан АРКАБАЕВ, милициянын отставкадагы полковниги

Булак:”Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: