Menu

Талас облусундагы дин кызматкерлердин демилгеси менен аз камсыз болгондорго 5 турак үй курулууда

Бөлүшүү:

Талас облусунун мусулмандар казысы  Таалайбек ажы Бапиев райондун баш имам хатибдерине  жыйын өткөрүп, анын алкагында каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада мамлекеттик каттоодон өткөрүү, имамдардын пландык иштери жана отчеттору, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын буйругуна ылайык дин кызматкерлердин шайлоо өнөктүгүнө аралашпоосу, КМДБ жана казыят тарабынан келген буйруктардын аткарылышы талкууланды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми райондун баш имам хатибдери облус аймагында жалпысы болуп 139 мечит болсо анын ичинен 133 мечит каттоодон өткөндүгүн айтышып, учурда 6 мечиттин документтери даярдалып жаткандыгын билдиришти. Муну менен катар баш имам хатибдер Манас, Кара-Буура жана Талас районунда бирден, ал эми  Бакай-Ата районунда эки турак жай курулуп жаткандыгынан кабар беришип, бул турак-жайлар элдин социалдык мүдөөсүн чечүүдө аз дагы болсо жардамын берээрин баса белгилешти.

Жыйындын  соңунда облус казысы райондун баш имам хатибдеринин иштерине ийгилик каалап, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: