Menu

Сапар Исаков: Орусиянын дагы бир аскер базасын ачуу тууралуу сүйлөшүү жүрүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Орусия кыргыз жергесинде дагы бир орусиялык авиабаза жайгаштыруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн “РИА новости” агенттиги премьер-министр Сапар Исаковго шилтеме менен жазып чыкты.

Агенттиктин “Президент Алмазбек Атамбаев Орусия Кыргызстанда, Тажикстан менен чектешкен жеринде экинчи аскерий база жайгаштыра алат деп буга чейин айткан. Бул боюнча орус тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатабы?” деген суроосуна Исаков:

– Тиешелүү министрликтердин деңгээлинде бул маселе боюнча консультациялар өткөн. Кыргызстан өзүндө гана эмес, жалпы аймакта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түштүктө аскерий база жайгаштыруу зарыл деп эсептейт. Бирок азырынча эки тараптуу акыркы чечим жок. Бул боюнча сүйлөшүу жүрүп жатат, – деп жооп берди.

Өткөн аптада Сапар Исаков расмий сапар менен Москвада болуп бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында Кант шаарында аскерий база ачылган. Ал Орусияга таандык.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: