Menu

Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-жетекчиси Тайырбек Сарпашевге түз суроо: Паспорттогу улут графасын алып салуу менен улуттун убалына калганыңызды сездиңизби?

Бөлүшүү:

Мурунку биринчи вице-премьер министр, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси, паспортубуздагы улут графасынын көмүскө жазылып калуусуна “чоң салым” кошкон Тайырбек Сарпашев таптакыр көрүнбөй кетти. Биз учурда жер “махинациясы” боюнча кылмыш иши козголгонун да уктук эле. Ал иши эмне болду экен деп биз сарсанаабыз. Өзүн чындыктын үлгүсү катары көргөзүп келчү Такебизди кыйнап коюшпаса экен деп кыжаалатпыз. Бирок, “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” өнөрдү мыкты өздөштүргөн Тайыр мырза баары бир кылмыш ишинен камырдан кылды сууругандан суурулуп чыгып кетээрине бөркүбүздөй ишенебиз. Канткен күндө да кызматсыз жүргөн киши эригет эмеспи. Эрмектешип маек кылуу максатын да Тайырбек Дүйшөкеевичке собол салгыбыз келип туру. Тайырбек мырза, көптөн бери эл көзүнөн оолак кеттиңиз. Азыр кайдасыз, эмне иштер менен алексиз? Жер боюнча кылмыш иши козголду деп уктук эле ал ишиңиз эмне болду? Баса, паспорттогу улут графасын таптакыр алып салууну туура деп жүрдүңүз эле, азыр деле ошол ойдосузбу? …же убакыттын өтүшү менен улуттун убалына калганыңызды сезип, ал оюңуздан кайттыңызбы? Улут графасын алып салуу менен эмне ийгиликке жете алдык? Ошол кадамыңыз менен кыргыз элинин алдында чоң күнөө кетиргениңизди сездиңизби?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: