Menu

БШК Канат Исаевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берет

Бөлүшүү:

2017-жылдын 2-октябрындагы КР БШК жыйынында К.Исаевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан” саясий партиясынын К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоо тууралуу чечими келип түшкөн.

2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаев КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 37 621 кол тамгасын тапшырган.

Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевдин кол коюлган барактарынын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” 2017-жылдын 4-сентябрдагы №73 Протоколу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилген.

Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевди колдогон шайлоочулардын 37 621 колунун ичинен 10 400 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 27 221 кол тамга анык деп табылды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартууга чейин К.Исаведин шайлоо фондусунун каражаттарынан 1 млн. сом өлчөмүндөгү каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катарында которулган.

КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №428 Токтому менен К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.

К.Исаевдин 1 млн. сом шайлоо күрөөсү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын депозиттик эсебинен кайтарылып берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: