Токтогул районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан Мулкибат атындагы орто мектебинде жана №4 Н.Биримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында өзүн-өзү өлтүрүүнүн алдын алуу жана каракчылык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Мектеп окуучуларына жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш чарасына райондун имамы, мектеп директорлору, мугалимдер, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, айылдын имамы жана аталган мектептин 8-9-10-11-класстарынын окуучулары катышты.
Түшүндүрүү иш чарада Токтогул районунун баш имам хатиби Алипбай Борошбаев өзүнө өзү кол салуунун шарияттагы орду жана каракчылык тууралуу баяндама жасаса, инспектор каракчылык боюнча мыйзамдарды түшүндүрдү. Ал эми директорлор, мугалимдер ата-энени, өзүн-өзү сыйлоо, маданияттуулук тууралуу окуучуларга түшүндүрүп беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ