Menu

Сапар Исаков кооптуу аймактарда жашаган калкты тез арада көчүрүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 4-октябрда, жаратылыш кырсыктарына кабылган кооптуу аймактарда жашаган калкты  тез арада көчүрүү маселеси боюнча селектордук жыйын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Иш чарага тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жана Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.

Өкмөт башчы  ушул жылы Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда катталган жаратылыш кырсыктары жана андан адам өмүрүнө зыян келген фактыларды эске алуу менен маселенин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматында, мурдагы жылга салыштырмалуу 2016-2017-жылдагы күз-кыш мезгилинде жаан-чачындын көп болушунан улам,  өлкөнүн тоолуу аймактарында жашаган жергиликтүү тургундар үчүн катаал  абал түзүлдү.

Ушул жылдын сегиз айында жүргүзүлгөн иликтөөлөргө караганда республика боюнча 1774 кооптуу аймак иликтенип чыккан.

2017-жылы жарандарды кооптуу аймактарга көчүрүү боюнча жүргүзүлгөн иш чаралардын жыйынтыгында 1587 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлүп, жыйынтыгында 10 000 адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бүгүнкү күндө республика боюнча жер көчкү жүрө турган кооптуу аймактарда жашаган 4409 кожолукту көчүрүү муктаждыгы бар. Бул үчүн инфраструктураны эске албаганда болжол менен 353 гектар жер  керек.

Кубатбек Боронов жылдын аягына чейин биринчи кезекте көчкү түшүү коркунучу бар аймактардагы жарандарды көчүрүү керектигин баса белгиледи.

Бул багытта аткарылган иш чаралар боюнча Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын орун басарлары маалымат беришти.

Маалыматтарды уккан соң, Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик органдарынын иши жетишээрлик эмес  деп,-баалап, анын арасында калкка түшүндүрүү иштери да жакшы жүргүзүлбөй жатканын кошумчалады.

Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тез арада кооптуу аймактарда жашаган жарандарды коопсуз аймакка көчүрүүдө жерди трансформациялоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле аларга кыска убакыт аралыгында планды аткаруу боюнча жооптуу жетекчилердин катышуусундагы иш чаралардын тизмесин даярдоо милдеттендирилди. Сапар Исаков тапшырма аткарылбаган учурда  аларды кызматтан кетирүүгө чейинки катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери аталган маселе боюнча чечкиндүү чараларды көрүшү керектигин дагы бир ирет баса белгиледи.

Ошондой эле Премьер-министр Сапар Исаков калктуу конуштарда жана айыл чарба багытындагы жерлерде суу ташкыны пайда болуу коркунучу бар экенин эске алуу менен, тез арада өлкөнүн аймактарында жер астындагы суулардын көлөмүн кыскартуу боюнча чараларды көрүү боюнча  тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырма берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: