Украинанын президенти Петр Порошенко шашылыш каралышы керек болгон документ катары Жогорку Радага Донбасстын реинтеграциясы тууралуу мыйзамды киргизди. Документ чет өлкөлүк өнөктөштөр, анын ичинде Франция, Германия жана АКШ менен консультациялар болгондон кийин парламентте шаршембиде каттоодон өттү.
Мыйзам долбоору Орусиянын «агрессор өлкө» макамын мыйзам менен бекитип, Донецк жана Луганск облустарынын айрым райондорун «оккупацияланган» деп тааныйт. Андан тышкары Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү иш-чараларын өткөрүүдө Минск келишимдерине артыкчылык берет.
“Украина Орусиянын, анын куралдуу күчтөрүнүн, башка согуштук түзүмдөрүнүн жана оккупацияланган администрациялардын агрессор өлкө катары убактылуу оккупацияланган Донецк жана Луганск облустарында жасаган мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопкерчилик албайт”, – деп айтылат документте. Анда ошондой эле орусиялык агрессиядан коргонуу боюнча Донбасста бардык мекемелерди жетектөө Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен ыкчам штабына жүктөрлөрү белгиленген.
Авторлордун пикиринде, бул документтин кабыл алынышы Киевдин БУУдагы эл аралык соттогу позицияларын бекемдеп, украин бийлигине БУУнун Донбасстагы тынчтык орнотуу операцияларынын форматын орусиялыктардын катышуусуз эле макулдашууга мүмкүндүк берет.
Донбасстын реинтеграциясы тууралуу мыйзам долбоорунун авторлору ал 18-октябрга чейин кабыл алынышы керектигин билдиришүүдө. Бул күнү «Донецк жана Луганск облустарынын айрым райондорундагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун өзгөчө тартиби тууралуу» буга чейинки мыйзамдын үч жылдык мөөнөтү аяктайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ