«Өзгөчө кырдаалдардын жыйынтыгында жабыркаган жарандарды жеңилдетилген насыя менен каржылоо маселеси чечилет. Жабыркаган жарандар төмөнкү пайыздагы узак мөөнөттүү насыя алышат» – деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Жумушчу сапарынын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 2018-жылдын май айында жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит, Кара-Мык жана Жекенди айылдарын жашоочулары менен жолугушту. Биринчи вице-премьер-министр жаңы үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Жолугушууда электр энергиясы, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана социалдык керектөө муктаждыктары көйгөйлөрү көтөрүлдү.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевге козголгон бардык маселелердин чечилишин көзөмөлгө алууну тапшырды.
Ал эскерткендей, жабыркагандарга курулуш материалдары базар баасынан төмөнкү баада жеткирилүүдө. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык, Жекенди айылдарындагы аймактык оорукананын курулушунун жүрүшү, Шибээ жана Кулчу айылдарындагы орто мектептин курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ