Menu

Адилет Айтикеев, журналист: Ош шаарынын реформатор мэри Мелисбек Мырзакматовго салам кат

Бөлүшүү:

Урматтуу Мелис аке, Сизди бүгүнкү Ош шаарынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүн элдин көбү Айтмамат Кадырбаевге куттуктоо катын жолдоп жатышса керек. Бирок мен үчүн Оштун көркүнө көрк кошуп, жаркырата оңдоп, жан дилин берип кызмат кылып, бир кезде облус борборлорунун бири деп эсептелген, ким жетекчи болуп келгени, кеткени билинбеген шаардын статусун практика жүзүндө көтөрүп, бюджетин 5 эсеге көбөйтүп салым кошкон Сиздей адамды куттук айтып, жылуу сөз арноо чыныгы сыймык деп билем.

Бүгүн Ош шаары баягы Сиз кеткенден кийин жасакер чиновниктерге, криминал төбөлдөрүнө, ууру башкаруучуларга жык толгон. Бир кезде “Мелис Жоошбаевич” деп сылык кайрылып, кабылдамаңызда кезек күтүп жүргөндөрдүн жоон тобу азыр Тентибаевичтин короосуна тентип кетишкен. Бул турмуш чындыгы. Анткени бул жашоонун агымында бир келген сыноолорго баары эле бирдей чыдай албайт экен. Ал эми карапайым эл болсо Мелис Мырзакматов деген адамды эч качан унутпай, жылуу сөздөр менен эскерип жүргөнүн көп көрүп, угуп жатам.

Мелис аке, мына ушул жаркыраган, байыркы тарыхы кылымдарга созулган даңазалуу Ош шаары Кыргызстанга жана аймактагы коңшуларга Мелис Мырзакматов деген мыкты жетекчи, асыл адамды таанытты. Анын айбатынан коркуп, атын укканда ичтери тызылдаган борбордук бийлик өзүнүн ар кандай аракеттери менен ого бетер чыйралтты. Карапайым эл болсо колунан келишинче өз уулун коргоп, аны “арстаныбыз” деп эркелеткенге чейин жетишти. Мына бул берилген баа чыныгы баа. Ал эми тарых да өз баасын берет. Балким менин сөзүм Сизге жана айланаңызда теңтуш болуп жүргөн адамдар үчүн күлкүлүү угулаар, бирок чыныгы баатыр жана жаратман адамды тарых да, муундан муунга өмүрр көчүн улаган эл да эч качан унутпайт. Тарыхта изи калган даңктуу инсандардын баары так ушундай өз эмгеги жана кызматы менен даңкталып келе жатышат. Өз элине берилип кызмат кылып, карапайым калкты жанындай сүйүп, ар бир кубанычка маңдайы жарыла сүйүнгөн адамдын кызматынан өткөн ыйыктык болбосо керек.

Сизге тагдыр ыроологон сыноолордун биринде мен жанынызда болуп калдым. Мына ошондо Сиздин чыныгы элдин уулу гана эмес, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн инсан экениңизге катуу ынандым. Бийлик тараптан түшкөн сунуштардын деле аткарып коюу түккө арзыбайт эле. “Алмаз Шаршенович, мен Сиздин айтканыныздан чыкпайм” деген бир убада жетиштүү эле. Болбосо өз кызматын сунуштап келген крим төбөлдөрдүн шартына көнүп коюу деле кыйынчылык жаратмак эмес. Ал эми дагы бир жол, Сизди колдоп аянтка кылкылдап чыккан элди бийликти көздөй айдактап, борбордук бийликтин үшүн алып, муштумдан башканы тоготпогон Атамбаевди ийге келтирип, кызматыңызды сактап калуу жолдору бар эле. Бирок Сиз бул жолдордун баарынан баш тартып, артыңыздан өйдө-ылдый сөздөр ээрчий турганын сезип туруп элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн тандадыңыз. 2010-жылы Кыргызстан экиге бөлүнүп кетүү коркунучу жаралганда Сиз мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого опол тоодой салым кошконунузду көпчүлүк билбесе дагы ошол процесске аралашкандар билет.

Мунун баарын айтып жатканымдын себеби, айрым кубулма адамдардын эсинен жакшы иштер тез эле чыгып кетет экен. Аз да болсо кечээги күндөрдү эске салып коеюн, чыныгы мекенчил азаматтар кайда экенин көпчүлүк биле жүрсүн деген эле ой. Кудайдын буйругу менен Сиздей инсан менен жакын мамиледе болуп калганыма ар дайым сыймыктанам. Сиз жасаган иштер жаркырап көрүнүп турат. Демек тарых да, эл да жаратман инсандарды эч качан унутта калтырбайт. Сизди бир кезде кылкылдаган эл Оштун аянтында шаң салтанат менен тосуп алаар күн алдыда экенине терен ишенем. Кайсы жакта болсоңуз да ар дайым аманчылыкта, ден соолукта болуңуз. Келечекте өнүккөн Кыргызстанды чогуу көрөлү Мелис аке. Майрамыңыз менен!

Сизди терңн урматтап үкаңыз Адилет Айтикеев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: