Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-октябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана жергиликтүү тургундары менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Жолугушууда Премьер-министр жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана калктын бакубат турмушун жакшыртууга багытталган Өкмөттүн «Жаңы доорго — кырк кадам» программасы жана жогорку технологиялык негизде ишке ашуучу «Таза Коом» программаларын иш жүзүнө ашыруу тууралуу айтып берди.
Ошондой эле Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин саламын жолдоп, ал азыркы тапта мамлекеттик сапары менен Өзбекстан Республикасында жүргөнүн билдирди.
Өкмөт башчы жергиклитүү тургундарды түрдүү суроолоруна жооп берди. Анда социалдык объекттердин курулушу, билим берүү мекемелерин оңдоо, ички жолдорду жакшыртуу, ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү, айлык акыларды көтөрүү жана экспортко багытталган азыктарды сыртка чыгарууга жетиштүү шарттарды түзүү боюнча талкуу болду.
Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, жолугушууда айтылган маселелер боюнча Өкмөт бардык тармактардагы калктын турмушун жакшыртууга шарттарды түзүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ