Menu

Түркмөнстан абактарында мурдагы эки аткаминер каза тапты

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурад Ниязовдун тушунда жогорку кызматтарда иштеген эки аткаминер түрмөдө каза тапты.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, “Түркменнефть” мамлекеттик корпорациясынын мурдагы төрагасы Сапармаммед Велиев менен мурдагы улуттук коопсуздук министри Поран Бердыев абакта кайтыш болду. Алардын сөөгү туугандарына берилди.

“Аларды тирүү көрсөткүлө” эл аралык кампаниясынын маалыматы боюнча Велиев 2005-жылы дээрлик чейрек кылымга соттолгон. Аны туугандары менен көрүштүрүшкөн эмес.

2000-жылдардын башында Поран Бердыев бир катар жогорку кызматтарда иштеген, ички иштер министри, улуттук коопсуздук министри болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: