КР МУКК тарабынан, Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү, Жалал-Абад областынын тургуну1994-ж.т «А.А.»аттуу КР жараны кармалды, – деп билдирди МУККтун пресс-борбору.
«А.А.» 2012-жылы Сириядагы согуштук лагерлердин биринде күжүрмөн даярдыктан өтүп, ал жактагы өкмөттүк аскерлер менен күрөшүүгө катышкан. ЭТУ эмиссарынын үгүтү менен «А.А.» Кыргызстанга келип күжүрмөн даярдыктагы террористтик актыларды даярдоо үчүн «күтүү режиминде» турган.
Азыркы убакта МУКК Тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин 2-бөлүгү («Жалданмачылык») боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган адам Кыргыз Республикасынын МУКК Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ