Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынын ооркуканасында мындай операция болгондугун 14-январда саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жүрөктөрү порок болгон эки 10 жаштагы бала-кызга операцияны атайын Бишкектен барган хирургдар жасашкан.
“Операция 2,5 саат созулду. Мындай операциялар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен акысыз жасалат”, – деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көл облусу боюнча саламаттыкты сактоонун координатору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, облуста жүрөгү начар 100 бала аныкталган. Бардыгы операцияга муктаж.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ