Бишкек шаардык соту Кадыр Маликовго кол салган Алибек Тилек уулун 20 жылга эркинен ажыратты.
Адегендеги сот отурумунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Алибек Тилек уулун өмүр бою түрмөгө кесүүгө өкүм чыгарган. Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жумшартып, 20 жылдык мөөнөт берди. Соттолуучу апелляция жазса, Жогорку сот бул өкүмдү карап чыгат.
Кадыр Маликовго 2015-жылдын ноябрь айында эки жаш киши кол салган. Аларды Түркиянын Сирия менен чектешкен жеринен кармашкан. Алардын бири Алибек Тилек уулу Кыргызстанга депортацияланып, коомдук ишмерге кол салгандыгы үчүн айыпталып жатат.
Булак: ПолитКлиника
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ