Menu

Сауд Арабияда 35 жылдан бери алгачкы жолу кинотеатр ачылат

Бөлүшүү:

Сауд Арабиясында 35 жылдан бери алгачкы жолу коомдук кинотеатр ачылат. Ал 18-апрелде Эр-Риядда ишин баштап, режиссер Райан Куглердин «Кара кабылан» тасмасы көрсөтүлөт.

Буга чейин Сауд Арабия америкалык AMC Entertainment Holdings Inc компаниясы менен келишим түзгөнүн билдирген. Ага ылайык, беш жылдын ичинде өлкөдө 40 кинотеатр ачылып, 2030-жылга карата алардын саны 350гө жетиши керек. Тасмалар кинотеатрда көрсөтүлөөрдүн алдында атайын цензурадан өтөт.

Кинотеатр жана башка көңүл ачуу жайларына фундаменталдык исламчылардын басымы менен саудиялык бийлик өткөн кылымдын 80-жылдары тыюу салган. Анда диний ишмерлер кинотасмаларды көрүү күнөө экенин билдиришкен.

Өткөн жылы сентябрда падыша Салман бен Абел Аль Сауд аялдардын автоунаа айдоосуна салынган тыюуну алып салууну буюрган. Ошондой эле аларга коомдук жайларга жана стадиондорго барууга уруксат берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: