Menu

Видео – Малайзияда жалган маалыматтар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилди

Бөлүшүү:

Малайзияда жалган маалымат таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган жаңы мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, эң жогорку жаза болуп 128 миң доллар өлчөмүндөгү айыппул же алты жылдык камактагы мөөнөт эсептелет.

Сынчылар сөз эркиндигинин принциптерин бузат деп жаткан жаңы мыйзам «толугу менен же жарым-жартылай жалган жаңылыктарды жана маалыматтарды» тараткан электрондук басылмалар менен социалдык медиаларга тиешелүү болот.

Малайзияда жакында парламенттик шайлоо өтө турган күн жарыяланышы керек – ал июнь айынан кеч болбойт деп күтүлүүдө.

Ошол эле маалда мыйзам Малайзия жаранына тиешелүү жалган маалымат тараткан чет өлкөдөгү басылмаларга дагы тиешелүү болот.

Өкмөт жаңы мыйзам өлкөдөгү сөз эркиндигине корунуч жаратпай турганын, анткени ал боюнча иштер өзүнчө көз карандысыз сот тарабынан каралаарын билдирүүдө.

“Бул мыйзам коомду жалган маалыматтардын тарашынан коргоого, ошол эле маалда конституциянын негизинде сөз эркиндигин сактоого багытталган”, – деп билдирди Малайзиянын юстиция министри Азалин Отман Рейтерс агенттигине.

https://www.youtube.com/watch?v=fxQh-LC7wYM&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: