Menu

Өмүрбек Бабанов жердештерин «Ала-Тоо» ресторанынан сыйламай болду

Бөлүшүү:

18-июль күнү «Республика» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов баш калаадагы «Ала-Too» ресторанына Ала-Тоодой эт кыла, дүйүм тамак менен Бишкекте жашаган жердештерин чакырып, сыйлоого камынууда. Сый тамакка Таластын ар бир айылынан 20дан киши чакырылып (шайлоодо айылдагы ага-туугандарына «тиши өтчүлөрү») чабармандар тизме тизүү менен алек. Бишкектеги жердештерин сыйлоонун башкы максаты баягы эле шайлоодо бирге болуу, трайбализм оорусун козгоп, өздүк уулду облустан уят кылдырбай добуш алып берүү. Таластыктардын облустун дарбазасынан сыртка бир кадам салышаары менен жердешчилик саясатты катуу карманаарын эске алганда, булардын чогулушунан соң Бабановдун позициясы кичи мекенинде жакшы болчудан. Келген конокторго сый тамактан тышкары капчыктарына анча-мынча болсо да конверт кыстарып койсо, анда эле бүттү дей берсек болобу? Мындай сыйдан соң жердештери гана эмес, ким болбосун Бабанов үчүн ишти көркүнө чыгара аткарып беришерин бөркүңөрдөй көрсөңөр болот.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: