Menu

Өмүрбек Текебаев: “Албек Ибраимов Атамбаев үчүн бөтөн адам эмес, жеке ишин алып барып жүргөн завхозу болгон”

Бөлүшүү:

 

Атамбаев менен Текебаевдин тиреши көпчүлүк ойлогондой компромиcс менен бүтө тургандан өтүп калды окшойт. Экөөнүн тең кармашкандан кайта турган түрү жоктой көрүнөт. Кимиси кол көтөрө турган болсо кыргыз саясатынан куулуп чыгып, көчөдө жүрө албай кала турган абалга туш болот. Текебаев кечээ күнү журналисттерди чогултуп, Атамбаевге карата кезектеги соккусун урду. Согулган сокку кандай болсо өзгөртпөстөн бердик. Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов Текебаевдин айтканына өз жообун кайтарды. Саясий талаадагы күрөш мындан ары күч алчудай өрчүп баратат

– 2010-жылга чейин Бакиев жана анын жанжөөкөрлөрү Кыргызстандын байлыгына жеке менчиктей ээ болуп келишкен. Революциядан кийин алар Кыргызстандан качып кеткенден кийин алардын мүлктөрүнүн бир бөлүгү улутташтырылган. Бирок, көз жаздымда калган көп менчиктер болгон, көп бизнестери болгон. Бакиевдердин менчигинин, бизнесинин бир бөлүгү гана улутташтырылган. Мен жаз айларында тоого чыгып эс алганды жакшы көрөм. Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын тургундары мага 5 жылдан бери кайрылат. Ошол жерде бир база бар экен. “Ушул базаны Максим Бакиев, Ширшов, Данияр Үсөновдор менчиктеп алган, анын “заборун” Данияр Үсөнов өзү келип куруп жүргөн, ушуну жергиликтүү тургундар 2010-жылы апрелде басып алышты, аны мамлекетке алып улутташтырыш керек эле. Эмне үчүн жеке адамдар басып алып пайдаланат? Мамлекетке алынбайбы?” деп 5 жылдан бери мен тоого чыкканда айтышат. Көп сөздүн бири го деп жүргөм, көңүл бурган эмесмин. Бирок, массалык маалымат каражаттарына жана башка булактардан чыккан информациялардан мен ал объектиге көңүл бурдум.

“Дастан” деген ачык акционердик коом бар. Анын Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында “подсобный хозяйствосу” бар 27,5 гектар жери менен. Бул аскер заводу. Өзгөчө статусу бар завод. 2008-жылы Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер болуп турганда жаңылышпасам Ширшов “Дастан” акционердик коомунун жетекчиси болуп турганда, Максим өзү каалагандай мамлекеттик менчикти калчап турганда бул базаны 2008-жылы Укуев Анарбек Акматович дегенге приватташтырылып берилиптир. Ал убакта Ширшов ошол жерди жетектеп турганда жөнөкөй адамга кетип калышы мүмкүн эмес эле. Бул Бакиевдерге барган, ушул кишиге катталган. Азыр ал жерде гражданин Алмаз Атамбаев үй куруп жатат. 5 жыл ал жерди мыйзамсыз захват кылып басып олтурушкан. 5 жыл өткөндөн кийин унутулду го деп ал жерди катташкан. 2015-жылдын 7-майында бул участок Ибраимова Айнура Танкеевнага катталган. Бул Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Сабырбековичтин карачечекей аялы. 5 күн өткөндөн кийин 2015-жылдын 12-майында Ибраимовдор ал жерди гражданин Атамбаев Алмазбек Шаршеновичге кайра каттатышкан.

Биз Бакиевдердин менчигин издеп жүрөбүз. Кыймылсыз мүлк качып кетпейт. Эртеби-кечпи аны бирөө пайдаланат, анын тарыхы чыгып калат. Ал жер апрелде басып алынганын койташтыктар мен барган сайын айтып жүрүшөт. Эл азыркыга чейин унуткан жок. Мен быйыл дагы майдын аягында барып 15 күн кымыз ичип келдим. Быйыл дагы келип “мамлекетке албайсыңарбы?!” деп айтышты. 2015-жылы Ибраимов Албек президентке ошол жерди бериптир, Ширшов, Максим Бакиев, Данияр Үсөновдордун жерин. Ошондон кийин эле ал Бишкек шаарына мэр болуп келип калды. Бул жерде логикалык байланыш бар деп карасак болот. Бул коррупциянын классикалык түрү. Албек Ибраимов Атамбаев үчүн бөтөн адам эмес, жеке ишин алып барып жүргөн завхозу болгон. Атамбаев бийликке келгенде аны “Дастан” акционердик коомуна койгон. Балким ошондо басып алгандыр? Ал жерде 2 млн доллар жоголду деп чыр да чыкканы баарыбыздын эсибизде. Ал тарых бүгүнкү күнгө чейин бүдөмүк болуп олтурат. Андан кийин Эркин экономикалык зонага, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары, андан кийин аэропортко директор болгон. Бул жерди Атамбаевге менчиктеп бергенден кийин Бишкек шаарынын мэри болду.

Албек Ибраимов эл арасында Эркин деген ат менен белгилүү. Ал алабарман адам. Бишкектин мэрлигине келгенде горкеңештин депутаттарына айткан “шайласаңар, шайлабасаңар да мен мэр болдум, добуш бербегенде кайда барат элеңер” деп. Ошол алабармандыгына салып Өкмөт мүчөлөрүнө, кээ бир досторуна “Президентке мен үй куруп берип жатам” деп мактанып айтат экен.

Мен аэропортто иштеп тургандагы бир фактыга көңүл бурайын. Аэропортто “Манас” Менеджмент Компани” деген СП бар. 80 пайыз чет элдиктер, 20 пайыз аэропорт, Кыргызстан. 95-жылдары Акаевдин учурунда түзүлгөн. Бул да коррупциялык схема болгон. Ал “цех по приготовлению бортового питания” деген цех, самолётто тамак берет. Бул 20 жыл мурун курулган. Бүгүн 2 млн долларга заманбап, компьютерлештирилген, автоматташтырылган цехти алып келип койду. Бирок аны Албек Ибраимов 15 млн долларга сатып алат. 2–3 млн долларлык жаңы цехтин 80 пайызын 15 млн долларга сатып алып жатат. Бул технология айылдагы эң сабатсыз кыргызга да белгилүү. Арзан нерсени кымбат сатып алгандан кийин ким кайсыл жерден ал акчаны бөлүштүрүп, канчасын алат баарыбызга белгилүү. Ошондуктан мен мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси Мелис Мамбетжановго депутаттык иликтөө рамкасында суроо-талап жөнөтөм. Бул цехти мамлекетке сатып алуу боюнча ким качан чечим чыгарган? Өкмөт билет беле? Мамлекеттик мүлк фонду билет беле? 15 млн доллар көп акча. Аны Өкмөт, фонддун жетекчиси, керек болсо президент билиш керек. Мамлекетке акча жетпей, дивиденттерди таба албай, компанияларды саап тургандачы. Былтыр сатылган. Биз фракциянын жыйынында ушул маселени карайбыз. ..

Эми булар изин жашырганга аракет кылышат. Чиновниктер жооп бербей качышат. Ошондуктан мен эл алдында ачык айтып, бул иштин жүрүшүн коомчулук менен кошо көзмөлдөсөк деген оюм бар. Депутаттан, менден качып кутулушу мүмкүн, бирок элден качып кутула албайт. Эртең чиновниктер кагазы менен келбесе, булар качып жатканынын белгиси. Мен Укуев Анарбек Акматовичге силер аркылуу кайрылып койгум келет. “Анарбек, азыр сени таап ар кандай сөздөрдү айттырышы мүмкүн. Даниярды да, Ширшовду да тааныбайм, жөн эле сатып алып койгом” депчи. Медет Садыркуловду өлтүргөн адамдарды дагы жалган көрсөтмө алып, “авто кырсык” деп соттоп жиберген. Бакиевдер кызматтан качканынын биринчи жасаган иши изин тазалаган.

Атамбаев түбөлүк олтурбайт. Өзү айткандай бир жылдан кийин кетет. Балким эрте кетип калышы да мүмкүн. Ошондуктан Анарбек ойлонуш керек. Жалган маалымат бергениң менен кийин биринчи сенден кутулат, чындыкты айтып койбосун деп.Бул маселеде башка күбөлөр да толтура. Бул менин Анарбекке түз кайрылуум болду.

Мен Сарпашев Тайырга ошол жер качан, кимдерге катталганы жөнүндө официалдуу маалымат жөнөттүм. Ал кнопканы басса эле чыгат, аны эки күн күтүштүн кереги жок. Эртең ал бизге маалыматты алып келиши керек. Эми тазалап, башка кылып койгон күндө деле Атамбаев үй куруп жатканын ал жерден эч ким жашыра албайт. Аскер кайтарып турат, жол курулуп жатат. Эч ким жок деп айткан жок. Бүт койташтыктар ал жер апрелде басып алынган, 5 жылга чейин эч кимди киргизбей олтурган деп айтып атышат. Алар ачык айта албаганы менен барсаңар жөн сүйлөгөндө айтып берет. биз алардын бир-экөөсүн бул жерге алып келгенге аракет кылдык. “Бизди бул жерге жашатпай коёт” деп коркуп айтып чыкпай жатышат. Арасынан убагы келгенде айтып чыга тургандар болот. Бүт айыл билет, аны жашырыш мүмкүн эмес. Менин айткандарым официалдуу эмес, биздин суроолорубузга жооп келгенде официалдуу болот.

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: