Бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жарандарды кыргыз тилинде куттуктады.
“Ар бир улуттун өзүнүн ыйык мурастры болот. Алардын эң башкысы – бул тили. Мамлекеттик тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз. Биздин мамлекеттик тил достуктун жана ынтымактын тили болсун” – деп куттуктады Виктория Мозгачева.
https://www.facebook.com/562768910476961/posts/3321417641278727/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ