Menu

Текебаев өкмөттү катуу сындады. Партиянын лидерине анын мурда кетирген каталарын эске салышты

Бөлүшүү:

23-февралда “Ата Мекен” партиясынын Бишкек шаардык конференциясы болуп өттү. Анда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттү катуу сындады. Ал Кыргызстандын экономикасынын басаңдаганын, инвестиция өлкөгө келбей калганын айтып, мунун барына өкмөттү күнөөлөдү.

“Бүгүн өкмөт дагы эң төмөнкү элдин ишенимине ээ болуп турат. Бул өкмөттү Рыскелди Момбековдун сөзү менен айтканда, “бечел өкмөт”, “шалтурук өкмөт” десек дагы болот. Өкмөт демилгени жоготту. Демилге көчөнүн колуна өтүп кетти” – деди Текебаев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өлкөдөгү абалды айтып чыккан Өмүрбек Текебаев менен талашып-тартышар ниети жок экенин өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирген.

“Өмүрбек Текебаевдин чет өлкөлүк студенттерди, түкүрүккө болгон айып пулдарды, жада калса логистикалык борборду бир үймөккө үйүп айткандарын түшүнүү менен кабыл алабыз” – деген Адилет Султаналиев.

Ал мисал катары кээ бир саясатчылардын эс тутуму өтө кыска экенин айткан.

“Мисалы, Текебаев айтып жаткан Кызыл-Омпол уран кенине өкмөттү күүнөлөп жатат. А негизи ушундайбы? Текебаев уранды чалгындоо боюнча лицензияны 2013-жылы убактылуу өкмөт бергенин унутуп калса керек. Эмне үчүн ал ошондо унчуккан эмес? Анын коллегалары жарандар менен макулдашпай туруп, иштелип бүтө элек бузуулар тууралуу кодексти кабыл алып жатканда ал эмне үчүн үн каткан эмес? Адамдар парламент кандай чечимдерди кабыл алып жатканын билишкен эмес” – деген Адилет Султаналиев.

Мындан сырткары, өкмөттүн басма сөз катчысы парламенттик шайлоонун алдында белгилүү саясатчылар ар кандай талкууларга өкмөттү аралыштырып, аны кызматынан кетирүү маселесин көтөргөнүнө коомчулук көнүп калганын кошумчалаган.

“Мындай аракеттер парламенттик шайлоонун алдында эки эсеге көбөйөт десек болот. Премьер-министр буга түшүнүү менен мамиле жасайт. Ал мурдагыдай эле эң башкы – күндөлүк ишине басым жасайт. Премьер-министрге элдин берген баасы баарынан жогору. Иштин жыйынтыгын жарандар көрүшү керек” – деп жыйынтыктаган Адилет Султаналиев.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: