Спорттук мелдеш маалында эки баланын пикир келишпестиги чатак менен аяктады. Бычакташкан өспүрүмдөрдүн үчөө азыр ооруканада. төртөө милиция бөлүмүндө.
Ош ОИИБден билдиришкендей, окуя 21-январда болгон. Төбө-Коргон айылынын Уйгур-Абад жана Жаңы-Абад кыштактарынын окуучулары арасында баскетбол мелдеши откөрүлгөн. Атаандашкомандалардагы эки баланын ортосунда пикир келишпестик орун алып, түртүшө кетишкен.
“Бул келишпестик боюнча балдар түнкүсүн өз ара териштирүү жүргүзүшкөн. Эки кыштактын ортосундагы талаада эки жактан төрттөн бала кезигет. Мушташканда бир тарап бычак колдонгон. Ошентип, төрт адам денесинен жараат алып, ооруканага түштү. Кечки териштирүүгө окуучулар жашы 18ден жогору айылдаштарынан да ээрчите келишкен эле”, – деп айтылат милициянын маалыматында.
Кылмышка шектүү катары төрт адам кармалып, азыр алар убактылуу кармоо жайында. Иш боюнча тергөө амалдары уланууда.
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ