Бүгүн, 29-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 167 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 9, Ош шаарынан – 5, Чүй облусунан – 15, Ош облусунан – 38, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 11, Жалал-Абад облусунан – 31, Баткен облусунан – 55 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 46 522ге жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 142 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 42 302ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 26 адам; Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан – 19, Ош облусунан – 26, Талас облусунан – 10, Нарын облусунан – 3, Баткен облусунан – 20 адам, Жалал-Абад облусунан – 17, Ысык-Көл облусунан – 14.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондор катталган жок. Буга чейин жалпысынан 1064 адам илдеттен улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ