Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий визит менен барат

Бөлүшүү:

Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 2019-жылдын 15-17-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий визит менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, мураскер ханзаада Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд, Сауд Аравиясынын Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланат.

Визиттин жыйынтыгы боюнча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, спорт, билим берүү жана илимий чөйрөлөрдө, ошондой эле социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Өнүктүрүү фондусунун Директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед бин Акил Аль Хатиб, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар менен соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Сауд Аравиясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештери менен жолугушат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: