Бүгүн, 3-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кызматынан бошотулду. Бул туурлу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, экс-президент Курманбек Бакиевдин Оштогу ишенимдүү адамдарынын бири Айтмамат Кадырбаев 2010-жылы май айында Ош шаарында контрреволюцияны жетектеп, Убактылуу өкмөттүн Ош облусундагы губернатору “Сооронбай Жээнбековду облакимчиликтен кууп чыккамын” деп мактанып жүргөндөрдүн бири болгон. Контрреволюция ишке ашпай калгандан кийин Кадырбаевге каршы кылмыш иши да козголгон. Бирок досторунун жардамы менен Атамбаевдин кулагына “пахта түтөтүшүп”, ишенимге кирип, 2014-жылы Ош шаарына мэр болуп шайланган.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ