БУУнун Коопсуздук Кеңеши шейшембиде Түндүк Кореянын ракеталык сыноосун айыптаган билдирүүнү жактырды. Баллистикалык ракета Жапониянын үсүнөн учуп өтүп, Тынч океанга кулаган.
Коопсуздук Кеңеши Пхеньяндан ракеталык сыноолордон жана өзөктүк программалардан баш тартуусун талап кылды. Билдирүүдө чыңалууну төмөндөтүү үчүн кечиктирилгис кадамдарга баруу чакырыгы камтылган.
Жыйындан кийин АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын мыйзамсыз аракеттерине чекит коерун билдирди. Анын айтымында, Пхеньян “өзү үчүн жараткан коркунучту сезе турган” мезгил жетти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ