Бүгүн, 6-октябрда таңга маал Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылында жайгашкан үйлөрдүн биринин 2 кабаттуу сарайынан өрт чыыкан. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. Чыккан өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №36 өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылып, алар саат 4:00дө келишип, өрт 08:40да өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен сарай, 1000 түк чөп, 200 түк саман, 10 баш кой, 2 баш уй күйгөн. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда. Кошумча маалымат берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ