Ушул күнү темир тордун артында олтурган “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаевдин таламын талашып бир канча саясатчылар үн катты. Ал тургай коргоо комитетин түзүп, Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып ачык айтып чыгышты. Бир тууганы генерал Талант Исаев кызматын өз каалоосу менен тапшырып, иниси үчүн күрөшө турганын көрсөттү. Канаттын күчү менен парламент босогосун аттаган “Кыргызстан” фракциясычы? Лидерине олуттуу айыптар тагылып жатса да башын кумга каткан страустун кейпин кийип олтурат, ооз ачканга жарабай. Кайрылуу жасамыш болду эле, анысы «суранабыз» деген бир сүйлөм болду. Кайран гана команда дейсиң да. Талап кылабыз дегенге акыбалы жетпеди. Партиянын кожоюну аталган алкомагнат Шаки болсо бүгүнкү күнгө чейин ак же кара деп жарыла элек. Шакиге достон дагы олтурган орду кымбатпы? Достун дос экени ушундай кыйын кезеңде билинчү эле. Талант Исаевге окшоп, кызматыңарды ала бергиле, мага дос керек деп этегин кагып баса берсе Шаки эрдик кылган болмок да. Чынбы?
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ