Menu

Асанакунов үчүн Профсоюздар Федерациясынын расмий документтерин жасалмалоо жана оңдоо жетекчиликтеги нормага айланганбы?

Бөлүшүү:

Соңку мезгилдерде Кесиптик бирликтер (профсоюздар) Федерациясынын (ФПК) иши былгып жатат. Үстүбүздөгү жылдын июль айында айрыкча жетер чегине жетти шекилдүү. Бул канчалык деңгээлде жакшы же жаман экендигин убакыт көрсөтөт. Кыргызстандын кесип бирликтер (ФПК) Федерациясынын төрагасы М.А.Асанакуновдун ээлеген кызматына туура келбегендиги тууралуу маселе ФПКнын Кеңешинин соңку отурумунда, 2017-жылдын 17-июлунда каралган…

Бирок, кесип бирликтер кызматкерлери, Кеңештин мүчөлөрү кезектеги жолу М.А.Асанакуновго ишеним артышты, анткени, ал отурумга катышкандардын алдында түйүндүү маселелерди чечүүдө ФПКнын Уставына ылайык иш алып бараарын жана мындан ары өз ишинде одоно кемчиликтерге жол бербей тургандыгын убада кылып, жалооруп кечирим сурап жиберген. Ошондой болсо да, көп узабай эле Асанакунов үчүн кезектеги жолу профсоюз ишмерлеринин сөзү суу кечпей тургандыгы баарына белгилүү болду. СДПК партиясынан чыккан аткаминердин жосунсуз аракеттери тууралуу ошол кездеги Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго дагы билдирилген.

Ал телефон аркылуу СДПКнын шалаакы мүчөсүн, КРнын ЖКнин социалдык маселелер боюнча төрайымы Гулкан Молдобекованын күйөөсүн уяткарганга аракет кылган. Айтмакчы, Гулкан Молдобекова КРнын биринчи ледиси Раиса Атамбаева менен жакын достуктагы мамилеси аркылуу, күйөөсүнө ФПКнын “креслосун” белек кылгандыгы тууралуу көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан. Асанакунов өлкөнүн премьеринен сөөм-сөөм өйдө турган “крышасына” дайыма таянып келери айтылган. Ал керек болсо өкмөт башчысына “билген намазын окусун” дегенден кайра тартпаганына ФПК кеңешинин айрым мүчөлөрү күбө болгону ачыкка чыгабы? Бирок, бул СДПКчы үчүн болор-болбос чекилик. Дагы бир факт – анын биографиясындагы юридикалык жогорку билими жөнүндөгү дипломунун жоктугунда. Ушундан улам – Ушул күнгө чейин Мирбек Асанакунов Ош базарындагы же болбосо жер алдындагы өтмөктө сатылып алынган дипломду колдонуп келгенби? – деген күмөн суроо жаралбай койбойт. Балким, юристтин “жасалма” дипломуна ээ болгон М.Асанакунов үчүн ФПКнын расмий документтерин жасалмалоо жана оңдоо жетекчиликтеги нормага айланганбы?

Андай болсо баары былгып, ачыкка чыкканда билмексен болуп, актанып баштагандыгын кандай түшүндүрүүгө болот? Шайтан сайыптыр – деппи. М.Асанакуновдун колу коюлуп, Президенттин администрациясына жөнөтүлгөн катта дагы ушундай болгон. Катта ал профсоюз лидерлеринин беттерине көө жаап, болушунча жалган жалаа жапкан. Бирок, ал жаманатты кылган адамдардын алдында кечирим сурады. Антсе дагы, ошол замат финансы полициясына белгисиз чыгыш номери менен Жалал-Абад курортунун жана облустагы тармактык профсоюздардын иштерин текшертүү максатын көздөгөн чагым жөнөттү. Балким, «жасалма юрист» катары ал анын иш-аракеттеринин бардыгы, анан калса чагымчылык каты жана санаторий-курортту текшерүү өтүнүчү КРнын мыйзамына карама-каршы келе тургандыгын билбесе керек. Себеби, мамлекеттик органдар профсоюз мүчөлөрүнүн ыктыярдуу төлөмдөрүн текшерүүгө укугу жок. Ал ФПКнын кеңешинин 2017-жылдын 17-июлундагы токтому боюнча да ушундай аракеттерди кылган. Тагыраагы катышуучулар добуш берген долбоордун ордуна башка токтом бекитилген, ал эми бул КРнын мыйзамы менен ФПКнын Уставына таптакыр туура келбейт. Анын эң башкы көздөгөнү убакыттан утуш керек сыяктуу. Анткени, ФПКнын төрагасы кызматын сатып алууга жумшаган каражатын ал кандай гана жол менен болбосун кайрадан “чыгарып алгысы” келет. Анын сабыркап жүргөнүнө караганда аз эмес каражат сыяктуу…

СДПК партиясынын мүчөлөрү М.Асанакунов жана анын аялы – КРнын ЖКнин социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы К.Молдобекова үй-бүлөлүк бюджетти толтуруу үчүн кызматтарды кандай сатып келген болушса, так ошондой эле соодагерлигин уланта беришеби? Бул маселелерге ачык жооп бере алышабы?

«Алар баарына салык салып коюшкан. Бербей көрчү, жакшылыктан үмүт кылба. СДПК партиясынын депутаты КРнын президентинин жолдошунун курбусу – К.Молдобекова күч структураларынын жардамы менен эң таза иштеген жетекчилерди дагы кысмакка алышат»,  дейт аты-жөнүн атагысы келбеген ФПК мүчөлөрүнүн бири. – «Эрди-катын профсоюздун эсебинен акча каражаттарын сол чөнтөктөрүнө сологонду жолго коюшту», деп айтылат пикирде.

Ал эми М.Асанакуновдун төрагалыгына кайрылсак, профсоюздук ишмердүүлүктүн спецификасын түшүнбөгөн адам, эмгекчилердин лидери катары ал – көңдөй. Ал эми адамдык сапаттарына келсек, айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле дегендей, төраганын айланасында жүргөн адамдардын биринин оозунан тамаша иретинде: «Менин шефимди канчык деп айтканга болбойт– ургаачы иттер таарынышат» деп айтылып кетти. Тамашаны көбү эшитти. Баары кылчайып калышты, Ал эми төраганын жардамчысы узап кеткенден кийин гана баары кыраан-каткы күлүштү. Ал гана эмес жардамчынын ордун дагы төрага өзүнүн атаандашы катары көрөт, себеби ал мурда ФПКнын төрагасы болгон, ал орун СДПКнын жаш да, дымактуу башка мүчөсүнө убада кылынган. Жардамчы дээрлик аксакал, төраганын бул планы тууралуу билет шекилдүү.

Төрагага кайтсак…

Мурдагы милиционер, 2010-жылдын 7-апрелинде алеки заматтын ичинде кантип бизнесменге айланышы мүмкүн, а андан кийин жаңы пайда болгон бизнесменден апрель “баатырлыгын” уюштуруучулардын эрки менен Ысык-Көл областынын губернаторуна айланышы мүмкүн экендигин көпчүлүгү түшүнө албайт. Бул кызматка ал кезектеги жолу шайтан айдап келип калды деп айтпайбыз, арийне, Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунан мүмкүн мамлекеттин биринчи түгөйлөрүнүн жакындарына миллиондогон долларларды каалашынча сарптаган чыгар? Жалган юрист өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук фактысы боюнча ага каршы козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулгандыгын жана аны качан болбосун көтөрүп чыгуу мүмкүн экендигин билет болду бекен? Анда оппозициянын катары дагы бир патриот менен толукталышы ыктымал(!).

М.Асанакуновдун төрага менен бирге жеп-ичишкен тарапташтары бар. Алардын бири соода-сатык профсоюзунун төрайымы Д.Доолоталиева. Ал аталган тармактагы эмгекчилердин экономикалык кызыкчылыктарын коргоонун ордуна ишкерлерди калкалап турат. Ал жөнүндө бир канча жолу жалданма жумушчулардын укуктарын жана эркиндиктерин басуу боюнча мамлекеттик структуралардын жана жумуш берүүчүлөрдүн буйрутмаларын аткарган, профсоюздук ишмердүүлүктөн алыс базарчы катын экендигин жазып да, айтып да чыгышты.

Ал соода кызматкерлеринин бир кездеги кубаттуу профсоюз тармагын түп-тамыры менен уратып, аны ири баш аламандыктардын кичи мекемесине айландырып таштаган. Үлкөн бизнес эбак бул профсоюзду басып алып, карапайым жумушчулардын укуктарын коргоого багытталган кандайдыр бир профсоюз ишмердүүлүгүн тамырынан кырккан. Эми СДПК партиясынан чыккан Ысык-Көл областынын мурдагы губернатору М.Асанакунов жана анын аялы К.Молдобекова жана Д.Доолоталиева сыяктуулар чыныгы мыкаачыларга, тагыраагы, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын ажалын чакырган адамдарга айланышты.

Көрүнүктүү органдын кызматкерлеринин жайбаракат «өлүмү» да жакындоодо. Башкаруучу СДПК партиясы Мирбек Асанакунов өңдүүлөрдүн айынан амалсыз эмгекчилердин укуктарынын кыйратуучусу болуп калды. М.Асанакунов жана анын компаниясынын мүчөлөрү коркутуп-үркүтүүлөр, куру убадалар жана тикелей сатып алуулар менен ФПКнын айрым мүчөлөрүн ар кыл жалпыга маалымдоо каражаттарына даректелген ФПКнын ишмердүүлүгү, тагыраагы, анын төрагасы жөнүндө “негативдүү материалдарды” жарыкка чыгарбай, Асанакуновдун ишмердүүлүгү жана анын кошоматчылары жөнүндө оң пикирлерди гана жазып чыгуулары тууралуу катка кол коюуга мажбурлаган факты буга далил. Кебетеси мына ушундан улам журналисттер – ФПКнын мүлкүн эбактан эле сатып баштаган Асанакуновдун ишмердүүлүгүнүн оң жактарын кайдан алсак болот? – деген ойго кептелишүүдө. Же Асанакуновдун ишмердүүлүгүнүн оң жактары СДПКнын айрым лидерлеринин жана алардын аялдарынын алдына профсоюздарды таштап койгондугунда жатабы?

Көрүнүп тургандай, суроо көп, жооп жок. Эмне үчүн СДПК партиясы Асанакунов Мирбек жана анын аялы сыяктуу жойпулар президенттин аялы менен жакын достук мамилесин пайдаланып, ФПКнын коомдук мүлкүнүн эсебинен байуусуна жол берет? Асанакуновдун “жогору жак” менен (“жогору жактагылар” менен эмес-авт.) бөлүшүп жатам деген ырастоосу аныкпы?

Алдыда дагы көрө жатарбыз…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: