Menu

Болсунбек Казаков, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы: «Мен “Мегакомдун” сатылышына каршы пикирлерин билдиргендер менен дебатка чыгууга даярмын»

Бөлүшүү:

Кыргызстандын мамлекеттик казынасына ири суммадагы салыкты төккөн “Мегаком” компаниясы сатыла тургандыгы тууралуу маалымат менен жакында кабардар болгон элек. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин билүү максатында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков менен атайын маек курган элек. Болсунбек мырза кеп кезегинде аталган мобилдик компания тууралуу ачык-айкын төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.

— Болсунбек мырза, жакында мамлекетибиздеги алдынкы мобилдик компаниялардын бири катары эсептелген “Мегакомду” Россиянын жараны сатып ала тургандыгы тууралуу маалыматтар коомчулукка тарады.Мунун чын-төгүнүн өз оозуңуздан уксак?

— “Мегаком” тууралуу буга чейин көп эле маалыматтар чыкты. Биз дагы маалыматтарды ачык-айкын бергенге аракет кылып жатабыз. Өзүңүздөргө маалым болгондой 49% мамлекеттики болуп турганда Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн чечими чыгып эки жолу сатыкка чыккан. 2013-жылы соттун чечими менен 100% мамлекеттики болгондон кийин, 2015-жылы болсо керек 100% акция мамлекетке тиешелүү болгондуктан сатыкка чыгарылсын деп Жогорку Кеңештин чечими чыккан соң, анын негизинде Мамлекеттик мүлк фондунун чечимдери чыккан. Баалуу иштердин негизинде баалангандыктан 3 жолу ачык аукционго чыгарылган. Бирок аукциондун жыйынтыктары болбогондугуна байланыштуу былтыр декабрь айында мыйзам чегинин негизинде баалаган бааны бир жылдын ичинде колдонууга болот. Андан кийин кайра бааланып чыгышы керек. Ошонун негизинде кайра бааланып 13,5 млрд сом болуп бекитилген. Бул ошол аукцион үчүн старттык коюлуучу баа болуп эсептелет. Анан ушул эле жылдын 5-июлунда 3 айлык мөөнөт менен акыркы жолу аукционго коюлган. Бирок тилекке каршы бир нече компаниялар кызыгып келип анализдеп, эксперттерин жиберишкени менен иштин аягына чыгышкан эмес.Буга чейин Кореядан, Кытайдан, Россиядан кызыккан компаниялар болгон. Бирок шарттары туура келип сатып алышпагандыктан аукцион болгон жок.

— Андан кийинки кадамыңар кандай болду?

— Андан кийин мыйзамда көрсөтүлгөн талапка ылайык Мамлекеттик мүлк фондунун эки жол менен кетүү жагы каралган. Биринчиси 25%га азайтуу менен аукционго чыгуу. Экинчиси баасын азайтпастан түз келишимдин негизинде мыйзамга ылайык чыгуу. Анан өзүңүздөр билгендей Коопсуздук Кеңешинин жыйынында анын бардык мүчөлөрүнүн чечими менен бир добуштан түз келишим менен сатуу чечими кабыл алынган. Мамлекеттик мүлк фондунун позициясы да ушундай эле болчу. Анан ушул жерде дагы ачык-айкындык болсун, бир эле компаниянын кызыкчылыгы менен иш жүргүзүштү деп ар кандай ушак-айың болбосун деп практикалык жактан аукциондун шартын киргиздик. Демек, түз келишим менен чыга турган жобого ушундай өзгөртүүлөр киргизилди деп эсептейм.

— Нагорнаядан башка да кызыкдар тараптар болдубу?

— Бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик мүлк фонду жарыя кылат. Бул убакыттын аралыгында кызыкдар тараптар өз баасы менен кайрылса, ошолордун арасынан эң ылайыктуусун тандап алып, ошолор менен түз келишимге барганга шарт түзүлөт. Бирок биз 25-августта жарыябызды бергенден кийин ушул жылдын 25-сентябрына чейин арыздарды күттүк. Кызыкдар тараптар дагы келип карашты. Бирок алардын арасынан бир эле Россиянын Нагорная деген жараны силер койгон шартта ошол баа менен алууга макулмун деп арызын берди.

— Арыздын негизинде кандай иш-чараларды жүргүздүңөр?

— Ал арызды биз комиссиянын кароосуна алып чыктык. Комиссиянын курамында парламенттеги алты фракциядан бирден депутат бар. Алардан тышкары министрликтин, ведомствонун өкүлдөрү, жарандык активисттер бар. Ошолордун баардыгы ачык-айкын кызыктырган суроолорду беришкенден кийин, комиссия өзүнүн чечимин чыгарды. Мамлекеттик мүлк фонду сунуштап бул жарандан башкалардан арыз түшпөгөндүгүнө, бул жаран бардык шарттарга макулдугун берип жатканына байланыштуу комиссиянын чечими менен биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү баштадык. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

— Бул келишим боюнча тынчсыздангандар көп болууда. Шашылыш сатылып жатат деген сөздөр айтылды. Эртеңки күнү кандайдыр бир маселе жаралбайбы?

— Кыргызстандын тарыхында мындай сатуу келишимин түзүү болгон эмес. Азыркы кезде биздин жарандардын, эксперттердин тынчсызданып жатканын туура эле түшүнүп жатам. Бирок ошол эле кезде кээ бир эксперт сымал биздин жарандарыбыз, айрым массалык маалымат каражаттары учурдагы саясий абалдан пайдаланып өздөрүнө упай топтош үчүн, дагы башка кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кыргызстандын талабын талашпай, жеке ишканалардын талабын талашкандай таасир жарата турган пикирлерин билдирип жатышат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө биз мамлекетибиздин мыйзамдарына ылайык келгендей шартта сатууну уюштуруп, эртеңки күнү бир да маселе көтөрүлбөгөндөй аракеттерди кылып жатабыз.

— Өлкөдө шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан кезде кирешелүү компанияны сатууда катылган сыр бар эмеспи?

— Айрымдар шайлоо учурунда сатканы жатышат деген терс пикирлерди коомчулукта жаратып жатышат. Бирок эч кандай саясий иш-чараларга тиешеси жок эле Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин аткаруу максатында өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп жатабыз.

— Арзан баада сатылды деген эксперттер менен өзүңүздүн позицияңызды бекемдөө үчүн түз эфирде дебатка чыгууга даярсызбы?

— Эксперттер ушундай кирешелүү тармакты сатпай эле коюшса болмок деп айтып жатышпайбы. Негизи компаниянын жабдуулары акыры эскирет да. Азыр дүйнөдө технология күн сайын эмес саат сайын өнүгүп жатат. Бул сферада атаандаштык абдан күчөп жатат. Ошон үчүн бул компаниянын баасы мындан да түшүп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. А мен каршы пикирлерин билдиргендер менен каалаган учурда дебатка чыгууга дайым даярмын.

— “Мегакомду” сатуунун себебин ачык айтпайсызбы?

— Бул компанияны сатуунун беш жагдайын карап чыктым. “Мегаком” компаниясы эмне үчүн сатылышы керек? Ар бир товарды учурунда өз баасы чыгып турганда сатпаса, бир аз убакыт өткөндө баасы түшүп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Экинчиден бул телекомуникация жаатында атаандаштык күчтүү болуп жаткандыктан бул жерге чоң инвестициялар келет. Азыркы кезде көп мамлекеттерде симкартасы жок эле телефондор чыгып жатат. Демек, симкарта жок болгондон кийин мобилдик операторлордун деле кереги жок болуп калат да. Учурунда пейджерди чыгарган “Аэропак” деген компания чоң суммадагы акча каражатына бааланчу. Кийин ошол пейджер колдонулбай калгандыктан акыры ал компания таптакыр банкрот болуп калды. Азыр дүйнө жүзүндө көп компаниялар биригип жатат.

— Компанияны сатып алам деген Нагорнаяга таандык фирмалар мындай чоң киреше алып келбегени белгилүү болду. Кардардын финансылык абалын анализдеп көрдүңүздөрбү? Бул дагы “Лигласс” сыяктуу чыр менен коштолбойт деп ишенимдүү айта аласызбы?

— Нагорная финансылык туруктуулугу боюнча баардык маалыматтарды алып келип берем дегендиктен биз ошол маалыматтарды күтүп жатабыз. Биздин бирден-бир максатыбыз – сатууну мыйзам чегинде уюштурсак Кыргызстан үчүн инвестиция жаатында аткарылган чоң иш катары эсептелмек.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: