КР МУКК депутат К.Исаевге карата иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш чараларын жүргүзүүдө М.Аспеков кармалды. Бул тууралу МУККнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
“Мекенчил” саясий партиясынын лидери Мелис Аспеков белгилүү бир адамдардын тобунун кызыкчылыгы үчүн КР Президентин шайлоонун жыйынтыгын жарыялагандан соң, айрым жарандар менен алдын ала бүтүм боюнча Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу пландарына катышкан. Ошентип М.Аспеков, К.Исаев жана “Республика” партиясынын айрым жактоочулары менен байланышта болуп туруп, КР Президентин шайлоо учурунда жана андан кийин баш-аламандыкка катышуу үчүн тарапкерлерди чогултуу аракетин көргөн.
2017-жылдын 9-октябрында бул факты боюнча КР МУКК Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза Кодексинин 27-беренесинин жана 233-беренесинин 1-бөлүгүнө ( Массалык баш аламандыкка даярдык көрүү), 27-беренесинин жана 295-беренесине ( Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү) ылайык кылмыш ишин козгоду.
Ушул эле күнү М.Аспеков жогоруда айтылган кылмыштарга даярдык көргөн деген шек менен кармалып, тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ