Menu

Сиз өзүңүз маңкуртсуз, Атамбаев!

Бөлүшүү:

Мени Казакстандын жараны жана өз өлкөмдүн мекенчил уулу катары Кыргызстандын президенти Атамбаевдин сөзү терең кыжаалат кылды.

– Себеби баардык кыжаалат кылган сөз көрө албастыкка жык толгон жана бир эле Казакстандын жетекчилигине эмес, анын баардык элине карата айтылды. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү, саясый кызыкчылыктар, бийлик үчүн күрөш жана башкалар, бирок мамлекеттин башчысы кандай болгон учурда да элдин өкүлү катары жана башкаларга үлгү болуу үчүн өз жүзүн сакташ керек. Бирок, Сиз Атамбаев, мекенчилдик деген жалган сезимге жамынып алып жеке кызыкчылыгыңыз менен коркунучуңузду бүткүл дүйнө жүзүнө чыныгы жүзүңүздү көрсөтүп койдуңуз. Казакстандын жана биздин чоң, бейпил, көп улуттуу өлкөбүздө жашаган баардык элдердин тарыхын кемсинттиңиз. Биздин өзүбүз тандап алган жана биз, Казакстандын эли колдогон ПРЕЗИДЕНТТИ кемсинттиңиз. Казактарды маңкурт деп атадыңыз. Сиз өзүңүздүн элиңиздин сый-урматына ээ боло албай туруп, казак элинин кеңешчиси милдетин алып алдыңыз. Эмнеге деп сурашыңыз мүмкүн. Анда жооп берейин.

– Себеби он миңдеген кыргыздар дал ушул Казакстанда иштеп, нан таап, тоскоолдуксуз жашоого укук жана жарандык алышып, тынч турмушта жашап жатышат. Алар дээрлик баардык тармактарда: базарларда, банктарда, курулушта, мамлекеттик мекемелерде укугу бузулбастан иштешип, кафе, магазин, ашкана жана башка тейлөө кызматтарын ачышып, өздөрүнүн акчаларын Казакстанга жумшап жатышат, себеби Сизге караганда биздин Президентке көбүрөөк ишенишет. Мунун баары Сизге тынчтык бербестен, алгач ачык эле биздин Президентти жамандап, андан соң элди күнөөлөйсүз. Сизди азыр коркунуч жана чочулоо сезими курчап турат, себеби өз элиңиз алты жылда эч нерсе жасабай, туура эмес бийлик жүргүзгөндүгүңүздү кечирбей тургандыгын сезип турасыз.

– Себеби Сиз өзгөрүлмөлүү адамсыз. Өзүңүз үчүн кыйын учурларда колдоо көрсөткөндүгү үчүн Казакстанга жана биздин ПРЕЗИДЕНТКЕ ырахмат айтып туруп, ошол эле замат өз өлкөңүздө бул биздин жеке өзүңүздүн ийгилигиңиз деп жарыялайсыз. Өз элиңизге ишене тургандыгыңызды айтып, ошол эле учурда аларды шайлоодо сатып алат деген чочулоону айтасыз. Демек, иш жүзүндө Сиз элиңизди саткын жана туруксуз деп ойлойсуз. Ал тургай Президенттикке талапкерлер башка өлкөлөрдөн жардам сураса да, анда эмнеге? Балким ал эч ким шайлоонун таза  өтө тургандыгына эч ким ишенбеген шарт түзүп койгондугуңуздан эмеспи? Анткени Сиз ачык эле телевидение аркылуу аларды каттуу жазалай тургандыгыңызды айтып коркутуп жатпайсызбы. Балким, эл өзү дал ошол таза шайлоонун өтүшүн каалап, бул ачык башаламандыкты токтотууну калап атпасын? Кыскасы, мага Атамбаев кандай шайлоону каалай тургандыгы түшүнүктүү болуп калды.

– Себеби ишиңиздеги баардык кемчиликтерге бирде Казакстанды, бирде Россияны күнөөлөйсүз. Электр энергиясы жокпу, Казакстан күнөөлүү, суу жокпу, туристтер Ысык-Көлгө барбай коёбу же башка көйгөйлөрдүн баардыгына Казакстан күнөөлүү болуп чыгат. Сиз дайыма “эгер бизде нефть болгондо…”, “эгер биздин мүмкүнчүлүгүбүз болгондо. анда…”,- деген сөздөрдү айтып келесиз…

Кечиресиз, бул Лидердин эмес, көралбас адамдын сөзү. Сиз өз элиңиз бул жылдарны Кыргызстандын болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, өлкөнү өнүктүрүүгө ишеним арткан. Бирок президенттик мөөнөтүңүз аяктаган сайын ошончолук ар кандай оюндарды көрүп жатабыз. Эми мен биздин элибиздин ортобузда пайда болгон түшүнбөстүктөр Кыргызстанда жогорттон пайда болуп жаткандыгына көзүм жетти. Эч качан биздин ПРЕЗИДЕНТ башка элди кемсинткен жана шылдыңдаган эмес.

– Акырында, Сиз өзүңүздүн табиятыңыз боюнча Лидер эмессиз, себеби Лидер баардык элди, кландарды жана аймактарды жалпы элдик кызыкчылыкка бириктириш керек. Ал эми өзүңүздүн сөзүңүздө 6 жылдык Президенттигиңизде баардык 6 миллиондук элиңизди бириктирген моделди да таба албагандыгыңызды түшүндүрүп койдуңуз. Биздин ПРЕЗИДЕНТ Сизден айырмаланып, ушуну жасай алды. Билип коюңуз, биз, Казакстандын эли, анын ичинде Казакстандын жарандыгын алган кыргыздар кимди жана кандай башчыны тандап алууну өзүбүз билебиз. Бизди манкурт деп атаган Сиздин акылыңыздын кереги жок.

Бир тууган кыргыз элинен азырынча Кыргызстандын Президентине биздин анын кеңешине пикирибизди билдирип коюуну суранам. Кандай болгон учурда да кыргыз эли мындай Президенттен акылдуу болуп, биздин эки бир тууган мамлекеттерибиздин мамилесинин бузулушуна жол бербейт деп ойлоймун.

Кайрат БЕКТУРГЕНЕВ, Астана

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: