2017-жылдын 9-октябрында милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 49 жаштагы И.А. аттуу жашоочусу текшерилип, жанынан баңгизат табылып алынган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле, Түп районунун милиция кызматкерлери 48 жаштагы жергиликтүү тургунун өздүк кароо маалында жанынан баңгизатын табышкан.
Алынган заттар экспертизага жөнөтүлүп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ