Menu

Видео – Адахан Мадумаров: “Өлгөндөр эмне тапты 7 жылдын ичинде? 7 жылдын ичинде Кыргызстан кайра 2 миллиард доллардан ашык карызга батты”

Бөлүшүү:

“Өлгөндөр эмне тапты 7 жылдын ичинде? 7 жылдын ичинде Кыргызстан кайра 2 миллиард доллардан ашык карызга батты”, – деп билдирди КР президенттигине талапкер Адахан Мадумаров 7-октябрда Ош шаарында эл менен жолугушууда.

“Эгер Акаев менен Бакиев экөөсү биригип, 19 жылда Кыргызстанды  2,7 миллиард долларга карыз кылып кетсе, бул азамат 7 жылда дагы 2 миллиард доллар карызды кошуп берди… Бул парламенттик системанын жемиши. Мен канча айттым бул болбойт бизге, бул  деп. Мына 6 жыл өткөндөн кийин азамат сүйлөп атат: “бул конституциянын ар бир кадамында бомба катылган экен” деп. 6 жыл тезек терип жүрдүңбү ошол бомбаларды көрбөй?  Эмне болду ошол бомбаң? Эми кечээки алган конституциясы – бул мамлекетти жоюу конституциясы! Мамлекетти жоготуу конституциясы. Ошон үчүн өкмөттү пионерлердин үйү кылып койду. Жалаң жаш балдар. Эч нерсени түшүнбөгөн балдар. Арпа менен буудайдын айрымасын билбеген балдар. Кантип өсөт мамлекет?” – деди Адахан Мадумаров.

https://www.youtube.com/watch?v=CvxpuOmL9Go

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: